Kategoriler

Arşivler

Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova Kategoriler

ТУРАСЫҢ ЖАРКЫРАП Сүйүлүп, сүйдүрүп, Жактырып,жагасың, Жаныман чыкпайсың, Сезимди баалайсың. Кетирбей элжиреп, Сүйөм деп эркелеп. Кыялды козгодуң, Жүзүмдөн өпкүлөп. Күлөсүң, күлдүрүп, Жүрөсүң сүйдүрүп. Ээрчитип жаныңда, Сүйүүңү билдирип. Албырган жүзүмдө, Карагаттай көзумдө Өчпөгөн сезим бар, Арналган бир өзүңө. Өбкөндө, өбүлүп, Түшүмдө көрүнүп. Кыналып жаныңа, Жайнадым төгүлүп. Караймын жолуңу. Бөлөмүн оюмду, Карааның көрүнсө, Булгалап колумду. Эх сүйүү кызыктуу, […]

ООРУГАН ЖҮРӨК Жүрөк бош деп таарынасыз мага Көңүл коштук бийлеп калган ага. Таарыныч,сүйүү, ырларын жазбай, Талпынбаңыз умтулуп карап жана. Көздөн учкан карааныма жалынып, Капилеттен махабат отко багынып. Кайдан чыкты атаганат Фейсбук, Жолуктурбай телефонго багынтып. Чалса кээде саламдашып да турабыз, Чектен чыкпай маек дагы курабыз, Сөздөн, сөзгө тамашалап айтышып, Чын сүйүүнү ,айталбастан каласыз. Сокурго көзүң сүйүү […]

Tarih 14 Nis 2021 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

АШЫГЫМ БОЛЧУ

АШЫГЫМ БОЛЧУ Көңүлдү көккө сермеген, Өзүңдөн башка көрбөгөн. Ашыгым болчу ардагым, Аздектеп өзүм көздөгөн. Жадырап өзүң жайнаган Жанымда бол садагам, Жайкала басып жанымда Жанаша бассаң ардагым. Кезикен кезде сүрдөбөй, Кучакта мени күймөнбөй. Жытыңан алып кумарды, Батайын искеп үндөбөй. Ашыктык сезим козгогон, Өзүңү сүйөм шоктоном. Өчүрбөй кыял, оюмду, Өрт болуп жана октолом. Ачык бир айтып сырымы, […]

ЖАШООМОН СЫЗДЫМ СЕНИ Өткөн күн, өкүнүчтөр калкалаган, Өксүтүп ызалыктан талкаланган. Армандын кучагында эзилгенмин. Айлар өтүп жылга алмашылган. Кекетип эрдик кыла эрдемсиген, Кебелбес кеңкелессиң бир жан билген. Дүйнөмдүн тардыгына батпазй барам, Көргөндө кебетеңи көзгө тийген. Соолутуп жаштыгымы уурдап алып, Жалгандан сүйгөнүңбү наалат салып. Ташы талкан, кыйраткан махабатың, Кыйрады сапырылып күм жан болуп. Сүйбөскө сүйкөнбөгүн деген чындыр, […]

Tarih 14 Nis 2021 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

АЛТЫН КҮЗ

АЛТЫН КҮЗ Түркүн түскө бойогондой жалбырагын, Кызыл, жашыл, сарылары жадыраган. Алтын күздүн кооздугу керемет ай, Басканымда шуудурашат калдыраган. Жарашыптыр айланам алтын күзгө, Жай баракат баратам ушул күздө. Элүнчү күз күч берип күүлөп келет, Эргүүсүндө ырларын алтын кызга. Тыйын чычкан секирсе бактан бакка, Кошо ойногум келип кетти ошол чакта. Кыялдарым лириканын ыргагында, Коштоп жылат сыбызкып бир […]

Tarih 27 Mar 2021 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

КЫМБАТЫМГО

КЫМБАТЫМГО Жалындап үмүтүмү жандандырган,Жакшы күнгө үгүттөп камдандырган.Ал менин жакшы көргөн адамымго,Кайгырсам, кубанычка айландырган. Тосуп алып жумуштан кайтканымда,Аткарып оозуман чыккан айтканымды,Ал менин эң кымбаттуу сыйлаганым,Ырымдын жашатамын саптарында. Чыйрыгып калганымда нуру жанып,Чыкпастан жаныман карыш жылып,Ал менин сезимтаалдуу ардагымго,Үшүтпөй жан,жагымы жаап кымтып. Ыйласам сырымы унчукпай угаарым,Сүйүнсөм кошо кубанычта тураарымАлактап шашып кетсем акырын деп,Акылын айтып бир нукка салаарым. Кымбатымго, […]

Tarih 27 Mar 2021 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

БААРЫ БОЛГУН

БААРЫ БОЛГУН ********************* Апапак күн нурундай жоодураган,Эркелетип кулагыма кобуранган.Ак таңым болчу эч кири жок таптаза,Мээримиңе бөлөп мени коруп алган. Күнүм болчу шооласынан жаркыраган,Илебиңде ысып жаным албырттаган.Жароокерим карыш алыс чыгарбастан,Аптабыңа жылуу жатып магдыратган. Айым болчу караңгыда жарык берген,Айлуу түндө эч коркпостон жанып турган.Шыкаалайын көлөкөдөн өзүңү издеп,Карааныңы көргөнүмдө жайнап күлгөн. Түнүм болчу тынч уктайын күлүмсүрөп,Таптап мени сылагыла […]

ЖАШЫРБАЧЫ СҮЙҮҮҢҮ Ачык айтчы сүйөөрүңү тайсалдабай, Жабыркатпа жүрөгүмү кайсарланбай. Жетимсиреп жашообузду өткөрбөйлү, Жалгыз сага махабатым байлангандай. Үшкүрүнбө карап мени кыялбай, Көөдөнүңдө сырларыңы туялбайм. Кечир мени, күтүүдөн мен жүдөдүм, Жооп берчи мындан ары күтө албайм. Жашырбачы жактырасың билемин, Жалгыздыктан азап тартып жүрөсүң. Теңине албайт ушу мени дегенсип, Түтөп ичтен туталанып күйөсүң. Сүйөсүңбү сезимиңи билдиргин, Жан дилимен […]

Tarih 15 Mar 2021 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

КЫЗЫЛ ТУУБУЗ

КЫЗЫЛ ТУУБУЗ Бийикте кызыл туубуз көктү тиреп,Мекенимде дайым турсун желбиреп.Башка өлкөдөн айырмабыз башкача,Өз асаба, өз герб деген бар мелтиреп. Патриоттук сезим менен кыз, уулубуз,Намыстанып өсө берсин бек туруп,Чет жактарда байгелерге ээ болуп,Көтөрүлсүн чоктой кызыл туубуз. Эрдиктикте ,ынтымакка ширелген,Байрагыбыз бийиктей бер тирелген.Түбөлүктүү өчпөс оттой алоолоп,Даңктап көтөр жеңиштике жирелген. СООДАНБЕКОВА ЛИРА www.kafiye.net

Tarih 12 Mar 2021 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

ӨЗГӨРҮЛБӨЙМ

ӨЗГӨРҮЛБӨЙМ Байкамаксан кээде болуп жүрсөмда, Билбейм неге көрө албастар астымда. Баалаганды билишпесе аздектеп………. Баркы канча сүйлөй берсин артымда. Өзгөрбөймүн мен ушундай жаралгам, Өзгөлөргө да бирдей кылам мамилем Өзөктү өрттөп сүйлөшсө да бирөөлөр, Өзүмү алдайм , капалыка алдырбайм. Көптү дешип айтышыптыр кээ бирөө, Көрбөй туруп алды, артыман бир жүдөө. Менин жашоом жалгыз мага таандык, Айтпагыла жаман […]