ЖАШООМОН СЫЗДЫМ СЕНИ

Өткөн күн, өкүнүчтөр калкалаган,

Өксүтүп ызалыктан талкаланган.

Армандын кучагында эзилгенмин.

Айлар өтүп жылга алмашылган.


Кекетип эрдик кыла эрдемсиген,

Кебелбес кеңкелессиң бир жан билген.

Дүйнөмдүн тардыгына батпазй барам,

Көргөндө кебетеңи көзгө тийген.


Соолутуп жаштыгымы уурдап алып,

Жалгандан сүйгөнүңбү наалат салып.

Ташы талкан, кыйраткан махабатың,

Кыйрады сапырылып күм жан болуп.


Сүйбөскө сүйкөнбөгүн деген чындыр,

Сүйбөсөм эмнеге кыйнап келдиң.

Карт бөрү карышкырдай ачууланып,

Үмүтсүз жашоого кыйнай бердиң.


Кечирбейм өмүрүм өткүчөктү,!!!!

Кылымды жашым таяп кетсе дагы.

Жараткан сыноосун берсе, берсин,

Сени унутам жашоодон өлгүчөктү..


СООДАНБЕКОВА ЛИРА

1999ж.23.08.(эски дептерден)

www.kafiye.net