БААРЫ БОЛГУН

*********************

Апапак күн нурундай жоодураган,
Эркелетип кулагыма кобуранган.
Ак таңым болчу эч кири жок таптаза,
Мээримиңе бөлөп мени коруп алган.


Күнүм болчу шооласынан жаркыраган,
Илебиңде ысып жаным албырттаган.
Жароокерим карыш алыс чыгарбастан,
Аптабыңа жылуу жатып магдыратган.


Айым болчу караңгыда жарык берген,
Айлуу түндө эч коркпостон жанып турган.
Шыкаалайын көлөкөдөн өзүңү издеп,
Карааныңы көргөнүмдө жайнап күлгөн.


Түнүм болчу тынч уктайын күлүмсүрөп,
Таптап мени сылагыла уйкусурап.
Түшүмдө да кошо басып гүл бакчада,
Түгөй болгун түбөлүкө колун сунган.


А мен болсо гүлүң болом жыпар чачкан,
Атыр себип кучагыман орун ачкан.
Караганда моокумуна кумар канбай,
Соолубастан өзүң менен бирге баскан.




СООДАНБЕКОВА ЛИРА 12.11.2020ж
www.kafiye.net