ТУРАСЫҢ ЖАРКЫРАП



Сүйүлүп, сүйдүрүп,

Жактырып,жагасың,

Жаныман чыкпайсың,

Сезимди баалайсың.



Кетирбей элжиреп,

Сүйөм деп эркелеп.

Кыялды козгодуң,

Жүзүмдөн өпкүлөп.



Күлөсүң, күлдүрүп,

Жүрөсүң сүйдүрүп.

Ээрчитип жаныңда,

Сүйүүңү билдирип.



Албырган жүзүмдө,

Карагаттай көзумдө

Өчпөгөн сезим бар,

Арналган бир өзүңө.



Өбкөндө, өбүлүп,

Түшүмдө көрүнүп.

Кыналып жаныңа,

Жайнадым төгүлүп.



Караймын жолуңу.

Бөлөмүн оюмду,

Карааның көрүнсө,

Булгалап колумду.



Эх сүйүү кызыктуу,

Бала,кыял жоруктуу.

Түйшөлтүп жашоого,

Сабагың бар олуттуу.



Учкундай чачырап,

От өңдүү алоолоп.

Жашоого жол түсүп

Турасың жаркырап.




СООДАНБЕКОВА ЛИРА
www.kafiye.net