АЛТЫН КҮЗ



Түркүн түскө бойогондой жалбырагын,

Кызыл, жашыл, сарылары жадыраган.

Алтын күздүн кооздугу керемет ай,

Басканымда шуудурашат калдыраган.


Жарашыптыр айланам алтын күзгө,

Жай баракат баратам ушул күздө.

Элүнчү күз күч берип күүлөп келет,

Эргүүсүндө ырларын алтын кызга.


Тыйын чычкан секирсе бактан бакка,

Кошо ойногум келип кетти ошол чакта.

Кыялдарым лириканын ыргагында,

Коштоп жылат сыбызкып бир убакта.


Быйыл мага ушул күз жагып турат,

Көзүм тойбой жалбырака карап улам.

Алтын күзүм делебеми козгобочу,

Сени көрүп ордуман жылбай турам.


СООДАНБЕКОВА ЛИРА 9.11.2020ж

www.kafiye.net