ООРУГАН ЖҮРӨК



Жүрөк бош деп таарынасыз мага

Көңүл коштук бийлеп калган ага.

Таарыныч,сүйүү, ырларын жазбай,

Талпынбаңыз умтулуп карап жана.


Көздөн учкан карааныма жалынып,

Капилеттен махабат отко багынып.

Кайдан чыкты атаганат Фейсбук,

Жолуктурбай телефонго багынтып.


Чалса кээде саламдашып да турабыз,

Чектен чыкпай маек дагы курабыз,

Сөздөн, сөзгө тамашалап айтышып,

Чын сүйүүнү ,айталбастан каласыз.


Сокурго көзүң сүйүү сенин карачы,

Сурамжылоо болбос бизге арачы.

Келем десе жолугууга чек…. коюп,

Убакыттын эх… кадамдары арыды.


Күнөөсүз жүрөк, дагы ооруду жүдөп,

Күтүүдөн тажабайт көрөм деп күтөт.

Таанышкан жылдар сүрүлүп өтүп,

Тажаткан кыялдар… кудөөрүн үзөт.



ЛИРА С С
www.kafiye.net