АШЫГЫМ БОЛЧУ



Көңүлдү көккө сермеген,

Өзүңдөн башка көрбөгөн.

Ашыгым болчу ардагым,

Аздектеп өзүм көздөгөн.


Жадырап өзүң жайнаган

Жанымда бол садагам,

Жайкала басып жанымда

Жанаша бассаң ардагым.


Кезикен кезде сүрдөбөй,

Кучакта мени күймөнбөй.

Жытыңан алып кумарды,

Батайын искеп үндөбөй.


Ашыктык сезим козгогон,

Өзүңү сүйөм шоктоном.

Өчүрбөй кыял, оюмду,

Өрт болуп жана октолом.


Ачык бир айтып сырымы,

Салбайын сага кырымы.

Махабат деген от экен,

Кантейин айтпай чынымы.


Удургуп оюм талаалап,

Сен үчұн сүйүм жаралат.

Билдирип кой кичине,

Сүйұұдү мага бир арнап.


Атылган жаа, ок болуп,

Жүрөктө турат кан толуп

Ашыктык деген арманды,

Ээ кылып алгын оптолуп.


Назик жанмын эркелеп,

Назданган кызга эп келет

Намысың болсо эртерээк,

Менчиктеп алгын энчилеп


ЛИРА. 11.11 2020 ж.”АКТАЛ”

www.kafiye.net