Урматтуу, кыргызымдын мырзалары!Сиздерди 5-март “АК КАЛПАК КҮНҮ” майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын.Ар бириңиздер ак калпакты баштан түшүрбөй кийип, улутубуз кыргыз экенин сыймыктануу менен айтып, аман эсен болуңуздар!


АК КАЛПАК


Ак калпак кийген төрт кырдуу,
Ак шумкар кыргыз намыстуу.
Аздектеп баштан түшүрбөй,
Кийишсе кандай жагымдуу.


Башында аппак калпагы,
Көргөндө көздөр жайнады.
Кыргыз – улуу эл дешип,
Дүйнөгө аты таркалды.


Бабалар кийип келишкен,
Ак калпак ыйык бизге деп.
Айтышып калпак жөнүндө,
Акыл – наасат, улук кеп.


Падыша, беги, увазирдин,
Башкарса дагы жер бетин.
Кырк чоро, Манас баатырдын,
Ак калпак ачкан келбетин.


Ак калпак ыйык күнүндө,
Толкундануу жүрөктө.
Кыргыз калкым жашасын,
Ар жылы тосуп сүйүнө.


Оо, мырзалар, уккула,
Салтты бекем туткула.
Ардактап баш кийимди,
Абдан көңүл бургула.


Тазалыгын калпактын,
Кыюуларын карагын.
Көп нерсени түшүнүп,
Билип баарын алгының.


Сенин кыргыз экенин ,
Баш кийимден билинет.
Ала-Тоодой ак калпак,
Күчтүү экенин билдирет.


Ак калпактуу кыргыз деп,
Бабалардан сөз калган.
Кылым жашап кыргыз эл,
Тарыхтарда сакталган.


Жүздөрү жарык жайнаган,
Кубанып жайып алакан.
Кыргыз элим өссүн деп,
Кызыр Ата даарыган.


Сиздерди урматтап: Айтбаева Нуржамал Шараповна.
www.kafiye.net