Kategoriler

Arşivler

Майрамбубу Абдыканова/Mairambubu Abdykanova Kategoriler

ТЕМИР ТУЛПАР Азгырып айдатасың темир тулпар, Тулпарсыз жүрө берем эки бут бар. Майлабасам, сүттөбөсөм ыңгыранып, Кулкунун кулкулдаткан эми жут ал. Оңдобосоң ченегис майды жутаар, Оңдоп койсоң өлчөмүн эске тутаар. Ойлогон максаттарды ишке ашырып, Ойноп эле заматта жеткирет ал. Дөңгөлөк тегеренсин кудай колдо, Дөөтү сактап жаныңда ошол жолдо. Азгырылбай шамал сымал ылдамдыкка, Аман жүрсөк болгону ошол […]

ЖАРАТКАНЫМ ӨҢДҮ БЕРГЕН ТАТЫНА Жалкоолонуп сен көнбөйсүң шартына. Шаркыраган учар сууга баргының, Шаабай суутуп айталбаймын батына. Кечикпей жүр кутулайын санаадан Түн бир оокум мен баламды күтөмүн, Түрсүл соккон жүрөгүмө түтөмүн. Түн ичинде кайда кетип калды ? – деп, Түйшүк тартып көз жашымды сүртөмүн. Санаа тартып сансыз ойго батамын, Көп сырларды атасынан катамын. Чымырканып даңгыр жолго […]

УЗУН ӨМҮР СҮРӨРМҮН Аалымдардын кебин угуп келемин, Ачык айтсам алар менин тирегим. Мактай көрбө, сындап эле коюңуз, Мага, – деген сыйы экениң билемин. А мен болсо ыр сабынын тизмегин, Кыялданып эргүүлөрдү күтөмүн. Аз да болсо кабыл алып окуп кой, Анда эмесе сизге кулак түрөмүн. Ырларыма кээде өзүм күлөмүн, Кыялымдын тактыгына күмөнмүн. Мындан ары ырларымды түзөтүп, […]

УЛУУНУН УЛАП САПАРЫН Уйкумду түртүп түнүмөн, Утурлап жазам ырым мен. Улап кой көңүл көтөрүп, Улгайып калган болсо эгер. Улантып ырым жазайын, Уйкаштык жагын тактайын. Учкунум тутан жалбыртта, Уятым сырым сактайын. Улутум бийик даңктайын, Урпагым сага сактайын. Учкул сөз терип чөйрөдөн, Урматтап дилим барктайын. Учурдун болсун талабы, Уютуп баардык тарабын. Узарсын муунуң көч баштап, Улуунун улап […]

ДҮЙНӨҢДҮ АЧСАҢ Туйлаган туйгун болчу чарчабаган, Туулган жер керегине жарап анан. Куткарып элин жерин азаптардан, Тууларын көтөрө жүр кармап аман. Туйлаган тулпар болгун чарчабаган, Тукумуң өсө берсин канчалаган. Туу чокуга бийиктеп арыш таштап, Турсаң болду бийиктеп талыкпаган. Сүйүү жок жашаган эң бир жаман, Жашоосу өтө берет илең-салаң. Сулуулары ашык болуп бир өзүңө, Тутантсын жан дүйнөңдү […]

Асан-Үсөн Асмандаган Асан-Үсөн издейбиз, Бир далайга тилек тилеп тиктейбиз. Асан-Үсөн пайда болгон сыягы, Дилибизден бир күн айтып бүтпөйбүз. Жандүйнөдөн балкыйбыз да жайнайбыз. Аруулукту жер жүзүнө арнайбыз. Жамгырыбыз, аба, жер-суу тазалап, Бар тилекти жамы журтка жалгайбыз. Жамгырдан жер, батадан эл көгөрөт, Аурабыз бир заматта өзгөрөт. Кыргызымдын касиети ойгонуп, Жаркын ойдон, жакшы кеби төрөлөт. Жамгырдан жер, бир […]

КӨКТӨН КАРЫҢ СЕБЕЛЕНСИН Көз тайгылтат кереметиң. Көөдөнүмө бүлүк салган, Көрөңгөлүү жер энес Калкымдын салтын үйрөттүң, Кадырын кептин сүйлөттүң. Шаркырап аккан сууңдай, Бар түрлүү мукам күү черттиң. Самындын эмне кереги? Жууган колуң ошол бойдон элеби, Сага эми самындын не кереги. Бул адатың калса керек жашыңдан, Айтканда не, сага билим береби? А көрөкчө үйрөнгүнүң бөбөктөн, Сен картайып […]

ЖЫЛДАН ЭСЕН ЧЫККЫЛА Аяп келем,үйү муздак жандарды, Же жегенге бир тойгудай даам барбы. Көп аялуу катмар турат калкымда, Ушуларды бир эстеген жан барбы. Суук дагы өз ызгаарын чачууда, Жаштар болсо жер которуп качууда. Э-э, эрендер ойлонгула келечек, Көпчүлүгү кекиртек тал асууда. Кутман элим кыйындыкты уткула, Адилетсиз наадандарды жыккыла. Жараткандан мен тилээрим силерге, Айдан аман, жылдан […]

Билдирбей үнүн Билдирбей үнүн созуп сезимдерим, Бийиксиз, ара жолдун белиндемин. Жек көрүү же жактыруу деле эмес, Тек кана сыйлашуунун теңиндемин. Карындашым эмес эле Карлыгачым, — деген сөздү уккум эле келет менин. Өзүмө өзүм айтып -“Жеңилбегин”, Бул жашта сүйүүгө көп берилбегин. Деген менен, бир күндү карыз алып, “Агатай сизди сүйөм”- келди дегим. Бир күндү акылымдан карыз […]

Бопбоз чаң жаайт Бопбоз чаң жаайт, айылдагы калаага, Музоо мөөрөйт – энесинен адашкан. Бир бурчунан көзүм көрүп дүйнөнү, Мен ааламга тарып, сыйбай баратам. Столбалар кайкайышат бөлүнүп, Теректерден, дарактардан ыраакта. Чоң жолдогу дөңгөлөктөр сүйрөгөн, Боз чаң ээрчийт албууттанып шарактап. – Көчөңөрдөн өтпөдүбү таргыл уй, Муйузу чоң, пешенеси ак кашка? Төлгө салып пайгамбардын жолуна, Кээ бир жандар […]