ТЕМИР ТУЛПАР



Азгырып айдатасың темир тулпар,

Тулпарсыз жүрө берем эки бут бар.

Майлабасам, сүттөбөсөм ыңгыранып,

Кулкунун кулкулдаткан эми жут ал.




Оңдобосоң ченегис майды жутаар,

Оңдоп койсоң өлчөмүн эске тутаар.

Ойлогон максаттарды ишке ашырып,

Ойноп эле заматта жеткирет ал.




Дөңгөлөк тегеренсин кудай колдо,

Дөөтү сактап жаныңда ошол жолдо.

Азгырылбай шамал сымал ылдамдыкка,

Аман жүрсөк болгону ошол олжо.





Майрамбүбү Абдыканова / Mairambubu Abdykanova


www.kafiye.net