УЗУН ӨМҮР СҮРӨРМҮН




Аалымдардын кебин угуп келемин,

Ачык айтсам алар менин тирегим.

Мактай көрбө, сындап эле коюңуз,

Мага, – деген сыйы экениң билемин.




А мен болсо ыр сабынын тизмегин,

Кыялданып эргүүлөрдү күтөмүн.

Аз да болсо кабыл алып окуп кой,

Анда эмесе сизге кулак түрөмүн.




Ырларыма кээде өзүм күлөмүн,

Кыялымдын тактыгына күмөнмүн.

Мындан ары ырларымды түзөтүп,

Миң жылдарга узун өмүр сүрөмүн.





Майрамбүбү Абдыканова / Mairambubu Abdykanova

www.kafiye.net