ЖЫЛДАН ЭСЕН ЧЫККЫЛА




Аяп келем,үйү муздак жандарды,

Же жегенге бир тойгудай даам барбы.

Көп аялуу катмар турат калкымда,

Ушуларды бир эстеген жан барбы.




Суук дагы өз ызгаарын чачууда,

Жаштар болсо жер которуп качууда.

Э-э, эрендер ойлонгула келечек,

Көпчүлүгү кекиртек тал асууда.




Кутман элим кыйындыкты уткула,

Адилетсиз наадандарды жыккыла.

Жараткандан мен тилээрим силерге,

Айдан аман, жылдан эсен чыккыла.

Майрамбүбү Абдыканова / Mairambubu Abdykanova


www.kafiye.net