ДҮЙНӨҢДҮ АЧСАҢ






Туйлаган туйгун болчу чарчабаган,

Туулган жер керегине жарап анан.

Куткарып элин жерин азаптардан,

Тууларын көтөрө жүр кармап аман.




Туйлаган тулпар болгун чарчабаган,

Тукумуң өсө берсин канчалаган.

Туу чокуга бийиктеп арыш таштап,

Турсаң болду бийиктеп талыкпаган.




Сүйүү жок жашаган эң бир жаман,

Жашоосу өтө берет илең-салаң.
Сулуулары ашык болуп бир өзүңө,

Тутантсын жан дүйнөңдү арбап жалаң.




Майрамбүбү Абдыканова / Mairambubu Abdykanova
www.kafiye.net