МУГАЛИМ


Билчү эмеспиз тамгаларды, сандарды,
Сөзгө сөздү улап жаңы жазганды.
Актай барак, түрдүү калем колго алып,
Түркүн түстүү табиятты тартканды.


Жашың жетип, мектеп менен таанышып,
Үйрөнгөнсүң окуп, санап, жазышты.
Андан башка укмуш дүйнө ачылып,
Тилди үйрөндүң, так илимди, тарыхты.


Окуп билдиң, кимден алдың билимди,
Ким үйрөттү, асман, жерди, илимди ?
Ал мугалим – сага дүйнө тааныткан,
Урмат- сыйга татыктуусу элимдин.


Ав: Л.Кудайбердиева
www.kafiye.net