Лилия Кудайбердиева / Liliya Kudaiberdieva

КЕЛБЕЙТ СЕНИ АЛДАГЫМ


Байкоо салып, сырттан алып кабарым,
Кээде жазып, күтүп жообун саламдын.
А мен жазып, кээде такыр жазбаймын,
Билесиңби…келбейт сени алдагым.


Сезимиңдин айыбы жок, танбаймын,
Тартылбасам, кантип сени жандаймын.
Сүйө албадым, койбо мага айыпты,
Жүрөгүмө каршы туруп барбаймын.


Болсом сенин ак жоолукчан алганың,
Сүйүү жок деп, кыянатка барганым.
Жалган күлүп, жасалмалуу жайнасам,
Анда жүрөк, муздак согуп калганы.


Билесиңби…келбейт сени алдагым,
Жүрөгүмө от жандырсын алганым.
Муздак сезим, жашоомду да муздатаар,
Андан көрө, жакшы жалгыз калганым…



Ав: Л.Кудайбердиева

Лилия Кудайбердиева / Liliya Kudaiberdieva
www.kafiyee.net