şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
ЖАРЫГЫН МАГА ТИЙГИЗГЕН
Жылыткан
күндүн илеби болдуң эриткен,
Карашың сонун жарашып сүйкүм келишкен.
Бапестеп таптап алаканга салгандай,
Сыйладың жаным сыйкырды берип сен.
Ай болдуң жарык шооласын мага тийгизген,
Саамайдан сылап делбирим сымал ийилткен.
Сагыныч бийлеп жан дүйнөмдү сүйүнтүп,
Жыргалы белең жашоомду жибиткен.
Жоодурап
көздөр күлмүңдөгөн күлүшкөн,
Бузушпай шертти жүрөкө бирге түйүшкөн.
Сезимди козгой жалындаттың сүйүүнү,
Балача мени эркелетип сүйүнткөн.
*СООДАНБЕКОВНА ЛИРА*
23/01/2024ж/
www.kafiye.net
Yorum Yapın