Жыл коштошот



Жыл коштошот: көңүлдөргө жаз берген,

Жылуу маанай, кыялдарга наз берген.

Кимге кандай..? Мага бирок өзгөчө,

Кусалыктын бал татымын аз берген.




Жыл коштошот: өмүрлөргө өр берген,

Урмат-сыйга татыктууга төр берген.

Ниетине жараша деп… А балким,

Сагынычты санаа кошуп төп берген.




Жыл коштошот, коштошомун мен дагы,

Күндөр ошол, айлар ошол, жыл жаңы.

Алышамын, берсе мейли азабын –

Сүйүү сезим, сагыныч бер – дейм дагы.





Ашира
www.kafiye.net