Өткөн чактар “өткөөл

Өткөн чактар “өткөөл “болуп мурдагы,
Түнгө карайм жымжырттыкта уурданып.
Мага жолдош болгонундай сезилет,
Жылдыздардын бир калыпта турганы.


Эңсеткендей ысык жайдын далдаасын,
Жүрөгүмдү дүкүлдөтөт ал-басым.
Дүркүрөтүп” сел” каптатып боюма,
Махабаттын ачтың укмуш каалгасын?



Билбейм эми менден кандай атат таң ?
Жүрөгүмдү түртүп бердим апаатка.
Көтөрө бил кагылайын көтөрө,
Жөнөкөйлүк кымбат болот атактан.


Шамаалыңдан шайым кетип турганда,
Мен өңдөнүп түнгө карай уурданба.
Селдей аккан сезимимде не айып,?
Азабыма бүткөн болбо муңдуу-арман.


Өмүр-бекет,тозуп алып узаткан,
Сөз тийгизбей,мактоом гана бу-затка!
Тынчтыгымды -тынч дүйнөмдү баягы,
Селдей аккан сезимдерим бузат даап!


Максатгуль Жанузакова
www.kafiye.net