şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
Кыргыз Поэзиясынын алпы,акын-драматург,котормочу Алыкул Осмоновго болгон сүйүүм бала кезимден башталган.Мектеп программасына кирген баардык чыгармалары ырлары,котормолору менен ошол кезде жуурулушуп,ар бир чыгармасынын каарманы болуп,кайгырса кошо кайгырып,сүйүнсө кошо сүйүнүп терең сүңгүп ,сүйүп окуйт элем .
Ата-Журт десе Алыкул деп түшүнүп ,чындап жол карап тургандай сезилээр эле.
Акындын ар бир чыгармасы элестүү жазылып,чыгармаларынын түбүнө түнөп ,окуган адамды кандайдыр бир сыйкыр дүйнөгө жетелей турган эле.
Мен турмушта сараң ач көз эмесмин,
Өктө кылып “Ай, аз бердиң дебесмин”
Байлык,үй-жай,ден-соолуктан ардактуу,
Мага берсе,эки сабак ыр берсин.
Ушул төрт сап ырдын ичинде бир өмүрдү камтыган кандай тереңдик жатат.
Акындын жан-дүйнөсүнүн бай экендигин айгинелеп турат.
Кечээ жакындагы “пандемия” учурунда акындын “Ата-Журт”- ырын көпкө эсиме алдым.
Кайран акыным!Ошол күндөрү айлам куруп
“Ооруба кең мекени Алыкулдун дегенимчи.
Мезгилдер өтүп барат ай-жылдарым.
Арадан ушул болуп кайгырганым
Чок түшсө чокусуна капилеттен,
Тоосуна акын атам Байдылданын.
Ала-Тоом ,алтын-уям,оо турагым,
Алтындан бүткөн ар бир топурагың,
Аманат кылып берген баарыбызга,
Ак калпак кийип турган чокуларын.
Жашоомдун сүрүп турам теңме-теңин,
Ооруга моюн сунба сен Мекеним.
Байкабай жүрүптүрмүн баштарактан,
Бактымдын бир бөлүгү сенде экенин.
Сабында сакталгандай анык уулдун Фонардай сен Мекеним жанып тургун
Сыркоосун ала кеткен Ата-Журттун,
Ооруба кең мекени Алыкулдун.
Көл кечи ар бир адамзатты арбап турган касиеттүү жагдайы бар эмеспи.
Көз алдыма Алыкул акын тартылып,шарпылдаган “ак толкундарга арбалып,чардактар менен далай сырдашып,көл жээктеп жүрүп эчендеген эргүүлөрүнө ээ болгондур.
Кайран акыным “канаттуу поэзиядагы сапарың канчалаган доордун добушу болоор экен?
Ырыбызга калп айта албай канчалаган чындыгыбыз ырга айланар экен?
Айтор Акынга болгон мактоом өзүм менен кошо жашайт.
Көл кечин сүйгөн акынга
Толкуса көлүм тынбастан,
Толкуну бүтпөс ыр-дастан
Аккулар конгон айдыңдуу,
Акынга адат сырдашкан.
Көл көркүн тынбай кайтарып,
Акынды жүргөн айталык.
Сүйүүсүсү сүттөй болгону,
Ырында жүрөт байкалып.
Күткөндөй күндө жакынын,
Көл күткөн чыгар акынын?
“Күтпөгүн болду күтпө“-деп,
Коштошту бекен акырын?
Үмүттүн үйлөп билигин.
Акынга жетпей билимим.
Сан жетким алтын кумдарын,
Сагынган жандын биримин.
Асылы сенсиң баш-ылдый,
Көл менен толкуп ташыдың
Түбөлүк жашайт сүйүүсү,
Көл кечин сүйгөн акындын.
Кудайдын кулагы сүйүнсүн!
Адамдын оозунда болсо,Аллахтын кулагында!
Улуттун уучу кур эмес.Акынымдын экинчи өмүрүн улагандар арабызда арбын болсун!
Кыргыздын залкар акыны Алыкул Осмонов иш чараларын өткөрүүгө жана
анын чыгармаларын поэзия сүйүүчүлөр
арасында кеңири
жайылтууга кошкон салымы жана Алыкулдун ыр түзүү
ыкмасында канаттуу чыгармаларды жазып окурмандарына кеңири
таанылып келе
Жанузакова Максатгүл Медербековнага
А.Осмонов “эстелик медалы” ыйгарылат
Замир Асаналиев ,агайга терең ыраазычылымды билдирем!
www.kafiye.net
Yorum Yapın