şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
Себеп издейт тынымсыз.
Көргүм келип сага абдан ашыгып,
Туралбадым сезимимди жашырып.
Көксөө күчөп көркөмүңө арбалдым,
Сени көрүп сезим дүйнөм ачылып.
Мээрим чачып жаркыраган келбетиң,
Гүлгө айлантат бүткүл аалам жер бетин.
Сулуу жүзүң суктандырат баардыгын,
Жок деп ойлойм жер бетинде теңдешиң.
Сенсиз калсам куса болуп сагынам,
Эңсөө күчөп эзилемин агылам.
Ээнсиреп эгизи жок болгонсуп,
Карай берем караныңдан кагылам.
Беш күн өмүр ушу дүйнө жалганда,
Жүрөк чиркин сага жетпей арманда.
Сезим дүйнөм себеп издейт тынымсыз,
Учкан куштай сени көздөй барганга.
Милена Алиханова
www.kafiye.net
Yorum Yapın