НООРУЗ КЕЛДИ




Улуу журттун кадыры бар мурунтадан,

Урпактарга жолду салып унутулбаган.

Салты,каада ,наркын бийик тутуп,

Кайда жүрсө жан дүйнөнү улуулаган.




Те
ңелип жашообузга күнү, түнү.

Теңирим жаратыптыр жакшы күндү,

Жаңырып баары таза жаңырган ай ,

Жаңы жыл элибиздин жакшы үмүтү.




НООРУЗ келди кубанычы жалгашып,

Кут берекесин ,ырыскны жандашып.

Куттуу элим тосуп жатат сүйүнүшүп,

Ак баталарын , тилектерин арнашып.




Аласталып айланабызда жапжа
ңы,

Калк арасы каада күтүп сүйүнүчтүү.

Сүмөлөктү тамшана жеп тойпоңдогон,

Наристенин чыгып шыңгыр күлкүлөрү.




СООДАНБЕКОВА ЛИРА

www.kafiye.net