şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
Ырас жазым келиптирсиң күттү элем,
Ырас жазым келиптирсиң күттү элем,
Чилде ичи чымырканды бүт денем.
Келгиндердин кайтып жатып ичинен,
“Чыйрак жансың кечиксек да күт “деген
Ким сагынбайт жазды анан жаш башын,
Жазым келсең сага калам жашташып.
Бир өмүрлүк жаркын маанай тартуулайт,
Бүчүрлөрдүн өмүр сүрө башташы.
Көзөп өтүп жүрөгүмдү
жылуулук,
Кулагыма торгой үнү угулуп,
Теребелге жан киргендей өңдөнөт,
Жаратылыш не бир укмуш кубулуп.
Мезгилдерден жазым сага тартылам.
Боорум тартып бир бүтүндөй каркырам.
Силер кайткан жазда эгер болбосом,
Булуттарга дарегимди калтырам.
Yorum Yapın