Билчи күчүн алымдын





Күйүп бүтпөй өчкөн шамга тигилип,
Бирде өлүп бирде сезим тирилип.
Мен тандоодон да бир ирээт жаңылдым,
Ызаа менен муңга башым ийилип.



Жадырадым жаздын жаңы гүлүндөй,
Жалжылдадым жайдын узак күнүндөй.
Ишеничим бир калыпта кармалып,
Күткөм көңүл, калуучудай бөксөрбөй.



Тепчип өтүп ар бир сөзүң мамилең,
Тилип кетти жүрөгүмдү теңинен.
Таза жери калбагандай бүлкүлдөп,
Алсыз согот эт жүрөгүм ичимен.



Неге ушунча ишенчээкмин, алсызмын?
Кимге, эмне? Түгөнбөгөн карызмын?
Болдучу эми! Булкуп жүрөк сокпочу,
Мен чарчадым…Билчи күчүн алымдын.




Райбекова А

2021
www.kafiye.net