Келгин куштар


сүйүүлөр да кош айтышып,

Гүл күндөргө күбө болдуң бульвар кечи.



ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВГО



Санжыралуу кыргызымдын сабагысыз,

Сабыр туткан калкыбыздын талабысыз.

Көөнөрбөс таланттарга кубат берген,

Көп зарланткан элимдин кумарысыз.




Туу чокулуу изденүүнүн ишмерисиз,

Чыгармачыл майдандын тирегисиз.

Маданият борборун пирин колдоор,

Бийиктеги билимдүүнүн билегисиз.




Дүйнө жүзүн суктантып сугарыпсыз,

Ала-тоонун туптунук булагысыз,

Манас тилде улутту алга сүрөөр,

Дүйнөгө кыргыз наркын чыгарыпсыз.




Бийиксиз адамдыктын мунарысыз,

Билимдин көзүн ачкан чырагысыз.

Жыйырманчы кылымдын өлбөс-өчпөс,

Өлкөнүн төшкө таккан тумарысыз.



Майрамбүбү Абдыканова / Mairambubu Abdykanova
www.kafiye.net