УНУТА АЛБАЙМ





Карааның жан-дүйнөмдү багындырып,

Карашың сезимимди жалындырып.

Кыя албай турдум көпкө кош дей албай,

Карекке толду тунук жаш кылгырып.




Көрүшүү экинчи ирэт кылым болоор,

Кусалык жүрөктү эзген ырым болоор.

Сен менен бирге өткөн мүнөттөрдү,

Унутуу бир мен үчүн кыйын болоор.




Баш ийип далай адам бардыгына,

Бир кейип,бир кейибейт тагдырына.

Жалгыз деп сылап коюп соороткондой,

Арылтаар ким себепчи арманына.




Сен дагы мени эстеп сагынаарсың,

Мага окшоп уйку көрбөй кайгыраарсың.

Өткөн күн эсте калат жомок болуп,

Өзүңдү унута албайт карлыгачың.




Жаңылкан Бегалиева

Москва ш.

www.kafiye.net