ЫЙМАН,ЫРЫС КЕТПЕСЕ ЭКЕН ЭЛИМДЕН




Өтүп жатат,чынында эле жакшы убак,

Өмүр чиркин баарыбызга жашты улап.

Тирүүлүктүн ушул жакшы учуру,

Токтоор күнү,качан,билбейм,кайсы убак.




Акыркы ирээт көрүшкөндөй көрүшүп,

Баарыңарды жүрөгүмө кысамын.

Көрбөөчүдөй акыркы ирээт өбүшүп,

Балдарымдан чыкпайт менин кучагым.




Ар бир күндүн баалуулугу билинип,

Ар бир күндүн таттуу даамын сеземин.

Айланамда баары сулуу,татына,

Чиркин,өмүр!Кантип сенден кетемин.




Кетүүнү да берсе экен кечинен,

Көп катаны көп болсо экен кечирген.

Тизе бүгүп,Жараткандан суранам,

Ыйман,ырыс кетпесе экен элимден.




Жаңылкан Бегалиева

Москва ш

www.kafiye.net