ТҮРК ДОСУМА

Түпкү тек,бабаларым боордош болгон,
Ынтымак,биримдикти жолго койгон.
Капилет кирип келген душмандарды,
Каршы алып,чоң жеңиштин туусун койгон.

Кадимки хан Сулайман аралаган,
Гүлдөрүн жыттап Хюрем сүйүү арнаган.
Издерин өчүрө албайт өрттүн ээси,
Алардын ыйыктыгын билет Аалам.

Тилегим ак жамгырдай төгүлсө дейм,
Жараткан ушул өрттү өчүрсө дейм.
Боордош эл-чыйралышып,кубат алып,
Өрттөнгөн жерди ырларым гүлдөтсө дейм.

Сепкенге суу болсом дейм шарпылдаган,
Өчүргөн кызыл өрттү жалындаган.
Кайгыны түрк элинен алып салып,
Каткырык,күлкү сунам шаңкылдаган.

Түрк досум,кайгырбачы кабак бүркөп,
Ата Журт күйүп жатса сыздайт жүрөк.
Ырларым кууп чыксын тилсиз жоону,
Элиңе каалаганым аппак тилек.



Жаңылкан Бегалиева
www.kafiye.net