ЧЕК АРАҢ БЕКЕМБИ БУРАДАР?



Корооңо кол-бутун ойнотуп,

Уйкуңду миң бузуп, ойготуп.

Туш-туштан коркунуч кулактар,

Колтукка мылтыгын жойлотуп.

Коңшуңдун тынчтыгы бей күмөн,




Чек араң бекемби бурадар?

Көчөңдө коопсуздук күч алып,

Туш-туштан баш багып көп жандар.

Корооңдо жүрүүгө кусадар,

Балдардын уйкусун коргоого,




Мен дешип чеп болуп тургандар,

Чек араң бекемби, бурадар?

Энелер уктабай ойлонот,

Аталар жол карап толгонот.

Бешикте баланын эртеңи,




Канткенде тынч болот, оңдолот.

Тынч турган элиңди коргоого,

Чек араң тостуңбу бурадар?

Кошунаң күнүгө чырылдап,

Мынтыктын добушу угулат.




Кан жутуп калуудан корккон эл,

Уктабай турушат зырылдап.

Учпасын октору биз жакка,

Чек араң бекемби бурадар?

Кабарды байма-бай окушуп,




Шаарынан эл качып, куну учуп.

Авгандын элиндей болуудан,

Дүкүлдөп жүрөктөр коркушуп.

Турушат баарысы үрпөйүп,

Чек араң бекемби бурадар?




Чочулап турушат куттуу эл,

Чек араң бекемби бурадар?



Кундузбү Маматова

Куку

17.08.21.

www.kafiye.net