ТООЛОР




Кырка тилке кыры чыгып тизилген,

Асман тиреп чокуларың бийиктен.

Ала Тоодой тоолор жоктур эч жерде,

Мөңгүсүнөн муздар эрийт тилкеден..




Тоолор сага сагынычым койнуңда,

Кусалыктан чыгып барам мойнуңа.

Бийигиңен таныркатып бийиктеп,

Алыс кылба кадамымды жолумда.




Бооруңдагы жашыл тулаң чөптөруң,

Жытың аңкып кооздонуп көрктөндүң.

Көргөн көзгө жоосун алган төрүңөн,

Чуркап күндү, ойнок кезди өткөрдүм..




Тоолорума сыймыктана жашаймын,

Тоолор менен бала чагым жашардың.

Барсам тоого таза сезим, кыялды,,

Тоолорго мен жан сырымды ачамын.




СООДАНБЕКОВА Лира

www.kafiye.net