Күч күйөө(39).

Бүбүайша таңга жуук уйкудан көзү уумачтай ачылды, түш көрбөй эле өңүндө көрүп жаткандай болду, кызын жетелеп бара жатып эле жок таппайт…

Толгонай, Толгонай деп колун созуп издеп, дубалга барып такалып ойгонуп кетти…

Көзүн ачып келмесин келтирип караса палатада колун созуп турат, чуркап барып кранды ачып, түшүн айтып сууну коё берди…

Түшүнөн коркуп эч кимге айткан жок…

Алымбектин үйү төлө коноктор, бака – шака түшүп, улакты союп, өпкөсүн чабабыз, – деп даярдап койушту… – больницадан чыгып келе турган Бүбүайша менен кичинекей наристени күтүп жатышты…

Бирин – экин айылдын байбичелерин чакырып, азан айттырып кызымдын атын Толгонай коёюн, – деп камынып отурат Майрамбүбү. Аңгыча машина токтоп, келди, келди апам бөбөгүмдү алып келди , – деп чуркады Кубат.

Үйгө киргизип эле кызыбыз ара төрөдү деп үйдүн шыбынын үч жерине мык кагып, чоңурак тумактын ичине салып, илип коюп жатты байбичелер.

Молдо келип,

сенин атың Толгонай,

сенин атың Толгонай,

сенин атың Толгонай деп азан чакырып берди.

Эч ким сурабаса деле сүйүнгөн Майрамбүбү апа, кызымдын атын өзүм койдум, больницадан чыга берсек, жаркырап асманда толуп турган тоголок айды көрүп, кызымдын атын Толгонай коём дедим, – деп айтып берди.

Аксарбашыл айтылган улактын этин жеп, калганын салып беришти , келген байбичелер, “өмүрлүү болсун, дени сак болсун, бешик боосу бекем болсун, – деп батасын беришти.

Сабырбек ата баары тарап кеткенден кийин эртеңки кудалыкка кантип барабыз деп балдары менен кеңешип отурду.

Анда Алымбек, ата биз эмнени билмек элек, баягы эле өкүл атам Болотту жүр деп алалы, наркты, салтты, жакшы билет, бул чөлкөмдө кадыр барктуу киши, – деди.

Маакул бул оюң жакты мага , – деп кубаттады Сабырбек.

Канчалык таанысак да, дагы кыз алып өтмө куда болуп жатабыз Момун менен, ошондуктан Болотту куда башы кылып алалы, сүт акы, көз акы, калың, – деп берчүүлөрдү, берсин, эми көңүлүм тынды, – деп Алымбектин тапкан акылын туура көрдү.

Момундун үйүндө, кыздары Салкын жана Айкын келип үй толуп, боорсок бышырып, мал союп тойго даярдык көрүшүп жатты. Баарынан үч кыз биригип, чуркап суу ташып, отун жарып жүргөн Мамбетти карап кубанычы коюнуна батпай турду…

Перизат кыздарын чакырып алып;- Бурманы карап, кызым сен эрке, эркек баладай өстүң, биз да эркек балабыз жок деп сенин оюң менен болдук.

Эми башка үйгө бүлө блоуп баратасың, бизге конок болуп келип кетип турасың. Ошол үйдүн ыгына көнүп, эркеликти таштап, мыкты бүлө болуп бер, – кызым дегенде Бурманын көзүнө жаш айланып, апасын кучактап – маакул апа, деди.

Эжелери кой ыйлаба сен көнүп калган жер го, – деп күлүштү. Ошол болуп жатпайбы, мурда кудача кыз болсом, эми келин болуп барып жатпаймынбы, – деп ыйлады.

Той салтанаты өз нугунда өтүп жатты, сүйлөгөндөрдүн баары балдар бактылуу болсун деп калоо – тилектерин айтып жатышты.

Мындай чоң салтанатты көрбөгөн Момун менен Перизат сөзгө чыкканда сүрдөп турушту, баары Мамбеттин сүйлөгөн сөзүнө ыраазы болушту.

Ата – апа мен бир күндө өз ата – энемден ажырап, бир күндө ата – энелүү болдум, жакындарымдан айрылып жалгыз калганда, үч эжелүү, үч жезделүү болдум , эже – жезде бактылуу болуңуздар, анан биздикине тез – тез келип туруңуздар ,-деп толкунданып сүйлөдү. Перизат, – ыракмат уулум, сени берген кудайга миң ыракмат, – деп жалынып жатты.

Той бүтүп Перизат, Момун, Мамбет үйнө кайра тартып келе жатып, Бүбүайшанын үйүнө кайрылып кетели деп чечишти.

Үйгө келсе Бүбүайша жалаяк жууп жатыптыр, -ии келиңиздер, үйгө кириңиздер, той кандай өттү, деп сурап жатты Бүбүайша.

Ой эми сенин кайын журтуң мыкты кишилер да, баары орду орду менен болду, – айтты тайкеси Момун.

Чоңоюп калган го кызыбыз, – деп уктап жаткан Толгонайды мурдунан чымчып өөп койду Перизат.

– ооба чоңоюп жатабыз, Кубат көтөрөт элем деп убара, өзү жоош, курсагы тойсо эле уктай берет, – деди Бүбүайша. Биж эми үйгө баралы,

Алымбек эки -үч күндө келип калат, корксоңор Валя апаны чакырып алгыла, – деп табыштап тайке – тажеңеси коштошуп кетип жатканда, Бүбүайша эже мен силердикине келип турсам болобу, – деп сурады Мамбет.

Албетте болот, келип Кубатты ойнотуп тур, деп бетинен өөп,- кагылайын десе ата – энесинен эрте ажырап чоң кишидей сүйлөйт, айласы канча, турмуш ушуга түрттү да байкуш баланы, муну менен теңдеш балдар оюндан башка иши жок көчө чаңытып жүрөт, – деп жүрөгү канап турду Бүбүайшанын.

Автору Тоту. Арзыкулова.



Уландысы бар.



Totu Arzikulova
www.kafiye.net