Күч күйөө(38).


Бүбүайша төрөткө чейинки өзүн жоготуп, эс учунан танган учурду унуткусу келди, менин бул жарыкчылыктагы милдетим, уул – казыма татыктуу тарбия берүү, Алымбекке мыкты жар болуп бактылуу жашоо жеп ойлоп, уктап бараткан кызын мудун чымчып эмизип жатты…

Аңгыча Алымбек кирип келип,- апасы мени кыздуу кылып өтө бактылуу кылдың гоо – деп маңдайынан өптү.

Ии келдиңби, өзүңөр кандайсыңар, апам кыйналган жокпу, Кубат кандай, бакчага барып жатабы -деп сурады Бүбүайша. Апам Валя апа менен сүйлөшүп чер жазып жатат, Кубат апама качан барам – деп сурап, бакчага барып жатат, -деди Алымбек.

Үйгө чыксак болот эле кызым жакшы эле, өзүм да жакшы болуп калдым, доктурлар менен сүйлөшүп көрчү, – деп суранды Бүбүайша.

Кой тыңып, шашпай чык деп болбой койду Алымбек.

Сени менен кеңешейин дедим эле, күзгө чейин мени областка которуп калышы мүмкүн, көчүп кетсек маакулсуңбу, – деп сурады Алымбек.

Бүбүайша ойлонбой туруп, – албетте маакулмун ансыз деле менин көңүлүмдү карап былтыр которулбай калдың, – деп жооп берди.

Дагы бир жаңылык сен больницадан чыксаң эле той башталат, мен Илимбек менен сүйлөшүп атама айттым, жакында Момун тайкемдикине кудалыкка барабыз.

Аа жакшы болгон экен экөө жетелешип жүрө бербей баш кошушат тура, – деп сүйүндү Бүбүайша.

Үйүнө кире берген Алымбек короодо байланып турган улакты көрүп, апамдын айткан аксарбашыл үчүн алып келген экен деп ойлоп кире бергенде, ээ балам келдиңби, отурчу мындай деди.

Атаң, үйдөгүлөр эртең жолго чыкмай болушту, Бүбүайша чыгары менен мен айтып койгон убадамды аткарайын деп улак алдырдым, жаңы төрөгөн Бүбүайшага да эти жеңил. Анан кудалыкка баралы да биротоло келинибизди алып кетели деп чечтик деди, – апасы.

Бурма үйүнө барып апасы менен сүйлөшүп, куда түшүп келишет апа, атам эмне, – дейт деди. Силердин сүйлөшүп жүргөнүңөрдү билебиз да, атаң деле жок дебейт, бирок окууң кантет кызым деди.

Апа кабатыр болбоңуз, окуумду бүтүрөм, мен дипломаттын аялы болом да, жогорку билимдүү болушум керек, талап ошондой. Биз үйлөнгөндөн кийин эле Кубага эки жылга кетип жатыбыз.

Ээ кызым Куба дегениң алыспы,- деп сурады Перизат.

Ооба апа өтө алыс, жыйырма саат самолётто учабыз, – деди Бурма.

Ал жакта көбүнчөсү кара терилүү, тармал чачтуу адамдар жашайт дегенде, – а силер кантесиңер анда деп таң калды – Перизат.

Биз ортосу болобуз буудай ыраң, бизди Азияттар дейт, бизге окшоштор деле көп ал жакта, – деди Бурма.

Ой билбейм деги аман эле болгулачы, – деди Перизат.

Апа мен атам экөөңөрдү ойлоп жатам, эжелерим өз турмушу менен, мен да алыска кетип калсам дегенде, – кызым атаң экөөбүз Мамбет аттуу балалуу болгонбуз, он төрт жашта, бүгүн сени менен тааныштырайын дегенбиз.

Ой кандай бала, – деп сурады Бурма.

Колхоздун баркармасы коңшу айылда томолок жетим калган балдарды чогултуп, балдар үйүнө араба менен жеткирип бериңиз, – деп суранат.

Арабага отургандан баштап бир бала бышактап жеткиче ыйлайт, таштап кете бергенде, аба мени таштабаңыз, мен сиз менен кетем деп жармашып алат. Атаң чыдабай бир ай багып көрөйүн деп сурап алып келет, тартиптүү бала экен, атаң экөөбүз кеңешип багып алалы деп чечтик. Колхоздун башкармасына айтып, кагаздарын жасатып жатабыз,- деди апасы.

Эртең эмне болбуз билбейбиз да, бул жашоо жоготуу, табышуу менен коштолуп турат тура, чырактай бала ата – энесинен айрылат деген эмне, – деп кейип турду Бурма.




Totu Arzikulova
www.kafiye.net