Аттиң, аттиң жаш курак


Сагындырат, өтүп кеткен жаш курак,
Эстегенде жүрөк байкуш жанчылат.
Татынакай баёо кезди эстесем,
Көздөрүмдөн жашым агат тамчылап.


Секелек кез, жетелешип бир жүргөн,
Эске түшсө,жүрөк зырп деп үшкургөн.
Үлбүрөгөн назик гүлдөй жан элек,
Бала кездин,жолун тороп жүгүргөн.


Бойду түзөп,кооз гүлдөрдөй кулпунуп,
Бойго жеттик,бала кезди уттуруп.
Бал челектей ууз сүйүүгө баш ийип,
Балалыкты койдук беле учуруп.


Жаштык кезди балапандай учуруп,
Кала бердик жаш баладай улутунуп.


Маметова Зуурабу Алимбековна Санта
www.kafiye.net