ЖЕРКЕЗИП КЕТКЕН КЫРГЫЗГА






Адамдар жашасын – дейм бул өмүрдө,

Адилет жашоодогу гүл өмүрдө.

Алыста жүрсө дагы азап тартып,

Алып келсин таттууларын түнөгүнө.




Күүсүн чертип комуздун ыргагына,

Күүсү толуп кыргыздын ырларына.

Күлүктөрү күттүрбөй алга чыксын,

Кылымдан кылымдардын кучагына.




Мезгилдин мээримин төккөн сулуулук,

Сезимдин сересинде бар улуулук.

Убакыт учкан куштай жандап өтүп,

Ашыгып алга чыгат бир суурулуп.




Майрамбүбү Абдыканова / Mairambubu Abdykanova

www.kafiye.net