УЛУУНУН УЛАП САПАРЫН




Уйкумду түртүп түнүмөн,

Утурлап жазам ырым мен.

Улап кой көңүл көтөрүп,

Улгайып калган болсо эгер.




Улантып ырым жазайын,

Уйкаштык жагын тактайын.

Учкунум тутан жалбыртта,

Уятым сырым сактайын.




Улутум бийик даңктайын,

Урпагым сага сактайын.

Учкул сөз терип чөйрөдөн,

Урматтап дилим барктайын.




Учурдун болсун талабы,

Уютуп баардык тарабын.

Узарсын муунуң көч баштап,

Улуунун улап тамырын.

Майрамбүбү Абдыканова / Mairambubu Abdykanova

www.kafiye.net