Качан сага таарынганда ыр жазам

Эстеп көрчү канча ырымды арнагам,
Ыргагына кай багытты тандагам.
Сөзуң угуп көңүлүмдү ооруткан,
Канча жолу мен ыр менен таарынгам.

Айлананы от менен суу курчаган,
Оңой болбойт, бизди жашоо тушаган.
Тагып алып көз айнегин мастыктын,
Тандаганым бүт оюмду булгаган.

Өкүнүчтүү өткөн күндүн таасири,
Өткөн элес өмүрүңдүн баңгиси.
Салыштырбай унутулса сакталмак,
Жабыркаган көңүлдөрдүн назиги.

Өзгөрүлдүк, жылуу сезим, сөздөр жок,
Туюктамын, кете албаймын көңүл ток.
Баары түстүү, гүлдүү болуп көрүнгөн,
Элестеги келечектен дайын жок.

От жагылбай муздап калган бөлмөдөй,
Кыялдарым караланды көмүрдөй.
Көрүнбөгөн туңгуюкка кабылдым,
Жок үмүттүн жетегинен бөлүнбөй.

Мен тааныган, ошол кезиң сагынам,
Өзгөрүлмө мамилеңе кайгырам.
Көнө албай алысына дүйнөңдүн,
Качан сага таарынганда ыр жазам.

Райбекова А

www.kafiye.net