Кыргыз мигрантынын таңкалыштуу тагдыры.



Бир жыл мурда иш чара менен Москвага барып келүү керек болуп шашылыш жөнөп кеттим.

Самолёт менен тез эле жеттим.

Мени күтүп алууга келгендер менен Москвада эки үч күн саякаттап жүрдүм .

Кокустан эле аты жаман оору башталып карантин болуп боло турган иш чаралар токтоп калды .

Айла жок Кыргызстанга бара албай отуруп калдым.

Айылдаш синдим бар эле Орёлдо ошол чакырып ал жакка бардым,

Бекер отурбай жумушка кирип иштеп жүрдүм.

Мени чакырган Букен сиңдимдин квартирасында чогуу турдум.

Ал өзү жалгыз турат экен.

1995 жылдан бери ошол жакта жашайт экен.

Үй бүлөсү менен жашабайм деди беймарал.

Жолдошу мени менен тең болчу,ажырашып кеткем дейт.Жети баласы бар экен.

Орёлдун бир районунда жашап жүрүшкөн экен ,көп балалуу үй-бүлө деп өкмөт үй берген экен.

Ажырашып үйдөн чыгып кетиптир.

Балдарың каякта деп таң калып сурадым.

Чоң кызым оруска турмушка чыгып кыз төрөгөн соң үйдө отуруп калган эле,кичине кызымды баласын бактырганы жөнөткөн элем,чоң кызым Нурия ишке чыгып иштеп жаткан.

Бала караган кызымды орус күйөө балам боюнда кылып койгон экен, арада чатакташып уруш болду,эмнеге деп чаң тополоң салды чоң кызым.Мен Гуляны “сүйөм”деп ал чоң кызымды таштап кичине кызымды алып Гулзат кызымды жетелеп кеткен дейт.

Мен “койчу” деп таң калып сурадым.

Ии ошондой болду дейт. Ал кызым Гулзат азыр жездесинин үч балалуу болгон деп,ушунчалык беймарал айтып оозумду ачырды.

Кийинки үчүнчү кызым да оруска тийген эле ,бир кыздуу болуп ал да ажырашып кетип Москвада иштеп жургон.Кимден экенин билбейм ,атасын айтпайт эгиз уул төрөдү эле ,ал неберелерим менен Москвада турат деди.

Москвада кенже кызым балдарын карайт,өзү иштеп жатат деди.

Төртүнчү кызым белоруска тийген анын үч кызы бар .

Санта Барбара менин балдарымдын тагдыры сизге айтып жатам деп күлүп ,эч бир сыгылбай кысылбай эле айтып жатты.

Эң кичинеси турмушка чыга элек экен.

Москвадагы кызынын балдарын караганы кенде кызы экен.

Беш кызымдын тагдыры ушундай абже деди.

Эки уулум бар алардын чоңу да оруска үйлөнгөн деди.Ал орус келинимдин бир кыз,бир уул неберем бар абже дейт.

Менин жүрөгүм ооруду энелердей эле.

Баланы не тилек менен багып өстүрөсүң деп.

Төрт кыздын тойун көрбөдүм,элдин энелерине окшоп той көйнөк кийген бойлорун көрбөдүм деп өксүп турду .

Дагы бир балам өзүнүн чоң апасына үйлөнүп алды,андан эки уул неберем бар ,бирок көрө элекмин неберелерди деп ыйлады.Ушул сөздү айтып ыйлап жиберди…

Кантип өзүнүн атасынын инисинин аялына үйлөндү деп угуп отурам.

Мага кичине келин болгон келиним менин абысыным да ,кайнимден үч баласы бар.

Менин баламдан он жети жаш улуу.

Чоң баласы он алтыда , баламдын кандай кылып башын айлантып байлап алганына өзүм түшүнбөйм…

Атасы менен мен ажырашып кеткен кезде балам кайнимдин үйүндө жүргөн Москвада.

Кайним жок кезде мамилелери бузулган го.

Чоң апасын сүйүп калуу деген шумдук го!

Кайним билип калып үйдөн чыгып кетти.

Балам менин абысыным ,бир тууган абысыным менен жашап калды…

Абысын келиним(азыр) эки уул төрөптүр.

Беш бала менен чогуу турушат.

Ал абысынымдын(келиним да азыр) үч баласы менин баламдын инилери эмеспи,агасынын балдары деп үшкүрүнүп жиберди.

Эки колум жакамда тооба деп отурдум уккан кулагыма ишенбей.

Мен айттым: Сен өзүң балдарга кандай тарбия бергенсин,жети балалуу соо адам ажырашпайт эле ,эмнеге себеп болду ажырашууга деп сурадым…

Насирдин күйөөм менен жетинчи кызым төртүнчү класста окуганда ажыраштык.

Анахино районунан көп балалуу деп өкүмөт берген үй жайда турчуу элек.

Картайганда ажырашканга туура келди сиз сурабаныз мен айтпай эле коёюн деди.

Сиңди соройүм уй жайды таштап чыгып кетиптир күйөөсүнө таштап ,балдар өз алдынча тентип чоңойгон экен.

Кааласа анда санда апасына келишсе келишип болбосо жок.

Мен карантин бүтпөй алты ай жүрдүм.

Ал арада чоң кызы он жетинчи этаждан өзүн таштап каза болуп кетти.

Ошол кызынын күйөөсүнө тийген Гүлзатты да тажиясында көрдүм.

Балдары менен үч кызын ошондо көрдүм,орустардай эч нерсе менен иштери жок энедей эт болуп калышыптыр.

Бир кызы Баля дегени келбеди көрбөдүм.

Куран окусак а это зачем дешет.

Кыргызча сүйлөшпөйт экен , балдар да сага убал экен дедим ичимден…

Арина өлгөн кыздын кызы тогузда окуйт экен ,аны атасына тийген тайэжеси атасы экөө алып кетишти.

Мына ата энелери тирик туруп… кыргыздын өгөй балдары болуп калышыптыр байкуш кыргыздын балдары..

.Орус аял алган баласы азан чакыртып койулган аты Өмүр экен эле.

Анысы болсо атын Алексей деп паспорт алып өзгөртүп орус динин кабыл алыптыр.

Тооба,тооба ойдо жок түштө жок нерселерди угуп көрүп төбө чачым тик турду…

.

Кызы өлгөндө күйөөсү Насирдинге сөөктү кармата койбой ээн талаага көмдүрдү.

Өз көзүмө ишенбей дал болдум.

Кызды жууганга мен кирдим,кыздын денесинде жаракат жок таптаза болчу,буга мен күбөмүн.

Он жетинчи этаждан түшкөн адам кандай сопсоо талкаланып сынбай татынакай болуп өлдү экен деп күмөнүм кетти…

Мен бөлөмдун үйүнө конокко кеткенде болгон иш экен .

Бир эле жерде башка квартирада турган кызын мен көргөн эмес элем,майрам сууга алганда моргдон көрүп ыйладым…

Мойнундагы муунтулган тактарды көрүп.

Букенден сурасам ишиңиз болбосун деп койду.

Делону да жаптырып салды.

Эксперттер менен сүйлөшүп тууралап салды баарын,этаждан түшкөн деп тыянак чыгараттырды.

Кыргызстандан көчүп барган прокурор досу болот экен,баарын ошол бүтүрдү…

Сөз жок???…

Мен чындыкка жетким келди эле мени “тирик кетем Кыргызстанга десеңиз аралашпаңыз “деп урушуп койду…

Москвадагы жердештер менен аялдар коомун түзгөн кыз келиндерге аксакалмын деп башкарып калчуу эле.

Букен өз балдарына татыктуу тарбия бере албаган ,бул кыз келиндерге эмне тарбия берет деп ойлонуп таң калчуу элем.

Августа посольствага барып Москвага арыз жазып ошол замат Чартердик рейсте учуп кеттим мекениме.

Сайттан сүйлөшүп жаткам жердеш аялдар менен,тез эле уруш талаш чыгып аялдар коомун экиге бөлүнүп кетиптир Букен.. .

Букен баштаган кыз келиндер өздөрүнчө болуп топтон бөлүнүп калышты.

Мен чоң топто эле калдым.

Өзүнүн очогундагы,бооруна баскан балдарына берген таалим тарбиясы жок осиургону аз келгенсип, аялдарды да чаң тополоң түшүптүр.

Мына урматтуу окурмандар кандай гана аянычтуу,таасирдүү окуяга күбө болгонмун.

Жаратканым адеп ахлаттан ажыратпасын,баланы да татыктуу тарбия берип элдин уулу ,элдин кызы болушуна ата энелер себепкер экенине толук ынандым.

Бала төрөп койуш максат эмес, баланын келечеги жакшы жолго түшүшү,бактылуу жашашы максат жана милдети ар бир ата эненин…

Баланын келечеги тагдыры ата эненин кучагында калыптанат да туурабы?

Оо кудай баарыбызга ынтымак ырашкерлик бере көр,ыйман бере көр деп күн тун тилеп бата кылып отурам…



Маметова Зуурабу Алимбековна Санта.
www.kafiye.net