Кут болсун туулган күнүңүз.




Кут болсун туулган күнүңүз,

Жадырап күлүп жүрүңүз.

Кылымга жетип жашаңыз,

Бакытка толуп уйунуз.




Ыр жазып букет берейин,

Асылын сөздүн терейин.

Акылман агам сыймыгым,

Өмүрүңүзду тилеймин.




Кыргыздын чыгаан уулусуз,

Көөдөнү дархан сулуусуз.

Тарыхта аты жазылган,

Даңкыңыз өчпөс улуусуз!!!




Илимдин өчпөс булагы,

“Алиппе” китеп туурабы?

Табылгыс белек балдарга,

Мектеп болот турагы.




Маметова Зуурабу Алимбековна Санта
www.kafiye.net