Өмүр гүл аябасан соолуган.




Тагдыр окпу тийсе жаның ооруган

Турмуш ташпы, көңүлдөрү жооруткан.

Санаа мн кыйын күндөр чыдагам,

Тоскоолдуктар түгөнсүнчү жолумдан.




Өмүр гулбу, аябасан соолуган

Жашоо отпу , күйдүргөн азап отуна

Далай жолу ташыркадым чыдадым

Дале чыдайм,барына да жогуна




Бакыт энсоо эмес бекен чынында

Таалай эмне,суу эмеспи чынында

Капилеттен калтыс кармап алганда

Төгүлчүүдөй жан дүйнөң да,сырын да




Суйуу эмне , мөл булакпы мупмуздак

Махабат не,деги эмеспи балмуздак

Эңсөө ,куса,сагынычты батырган

Адам өзү кеменгер го чынында.




Автор Маметова Зуурабу Алимбековна

Санта.
www.kafiye.net