Көңүл сынса



Көңүл сынса, үмүт калат өлбөгөн,
Көңүлүмө көйнөк тиктим сөз менен.
Далай канча, далайлардын артынан,
Мезгил шашпай, мен шашылган өңдөнөм.



Чапжаак ушул, заманымды кезерген,

Бир жылмайтып, бир сүйдүрүп өтөм мен.

Билбегеним канча менде, ал сезбейт –

Кызыккандар сакайганын кеселден.



Убакытка кыял токуп, “чу” – деген,

Ултарыткан кооз дүйнө көздөгөн.

Уруш уккан күнүм абдан кубанып,

Укмуш мактоо уккум дагы келбеген.



Таноосунан жип өткөрүп- кайраттын,

Каалагандай калчап, тейлеп бараттым.

Канча торо, канча жолу тузак кой,

Кайкып өтөм… мени канча тажаткын.




Ашира Кулишева
www.kafiye.net