УЙКУМДУ МЕНИН УУРДАДЫҢ



Уурдадың баарын уурдадың,

Карайлап турат ойдо муң.

Тынчын алып түнүмдүн,

УЙКУМДУ менин уурдадың.




Жадыраган көңүлдүү,

Күлкүмдү менин уурдадың.

Маани да бербей сөзүмө,

Шертиңе неге турбадың.




Сезимди шалдың кылдырып,

Үмүтүмдү кыйнадың.

Жалынга түшкөн жүрөккө,

Эки ооз сөздү кыйбадың.




Түбөлүк эмес сулуулук,

Табигат берген кооздук.

Бергенин алаар бир күнү,

Бир гана калат жылуулук.




Текеберлик ишенгениң,

Мүнөздүн эң жаманы.

Боюңдан кетсе ал күчүң,

Табигат сени жеңгени.




Сезимди мазак кылбагын,

Сулуулук түбөлүк дедиңби.

Ашыктык жүрөк азабы,

Жалынга түшүп кетпегин.




Уурдадың баарын уурдадың,

Бозоруп атты кырда күн.

Тазасы жок тун болду,

Уйкумду менин уурдадың.




Автор: Берик Семетаев




Которгон: Маметова Зуурабу Алимбековна Санта
www.kafiye.net