Биз үндөйлү


Ынтымакта жашаган коңшу эки эл,

Аркы өйүз, берки өйүз суудан ичип.

Алла берген бир насиптен даам татып,

Бир-бирине сыйын арткан кыргыз, тажик.


Бейпил жаткан эзелтеден кошуналар,

Ортодо чагымчылдар от таштады.

Ок атылып шейит кетти азаматтар,

Үй-бүлөлөр наалат айтып зар какшады.


Душмандар бар арабызда калп корсулдап,

Карап турат маашырлана жик өткөрүп.

Кылым карытчуу кыргыз, тажик коңшу эли,

Касташпайлы бузуку үчүн өпкөөрүп.


Куран окуп шейит кеткен маркумдарга,

Кайрат тилейли бир тууган, үй-бүлөгө,

Манастын эр жүрөктүү урпактарына,

Сурайлы бейишин берсин Алла Таала.


Кыргызды кыргыз кылган сабырдуулук,

Ак сакал сөзүн эшитип кадырлайлы.

Эки эл кошуна болот түбөлүккө,

Кызыл кандуу ачуулука алдырбайлы.


Илгертеден “Кан кетирбейт”-деген калган,

Тынчтыкты сакташ үчүн күчтү үрөйлү.

Учур келсе энчисин алат бузуку,

Ынтымакка эки элди биз үндөйлү.



Айнура Бекболотова

Москва ш.

01.05.202
www.kafiye.net