УЛАНДЫСЫ — 6.

Баамымда эки сааттан деле көп жүрдүк. Коюу караңгылыкта машина айыл аралап кирди. Короосу жыгач дарбазалар менен тосулган үйлөрдү карап бараттым. Бийик столбадагы жарыктар , айылдын ирээттүү үйлөрүнүн баарын даана көрсөтүп турат экен.

Түз бараткан машина оңго бурулуп, жарыгы үлбүл жанган үйдүн жанына барып токтоду. Машинанын добушун угуштубу, эч ким түшө электе эле, ичкериден дарбазаны ачып жатканы угулду. Машина короого кирди. Сол тарапта жайгашкан үйдөн, жарык тийип турду. Алгач багаждагы жүктөрдү түшүрүшүп, Нурбек менен узун бойлуу бала ташып жатканын карап отурдум. Баарын киргизип бүтүшкөн соң гана, мен отурган тараптын эшигин ачты.

— Келиңиз, түшүңүз …

Нурбек мага колун сунду. Түшөөрүм менен айылдын салкын абасы, муздак шамалы ичиркентип жиберди. Тике турууга аракеттендим. Баса алчудай эмесмин, белим ылдый тартып, буттарым калчылдап, боюмду түздөй албай турдум. Акырын жетеледи.

— Ой – иий ! Абасынын муздагын ! Тим эле, өз айылыма келгендей болуп кеттим – дедим, Нурбекке.

— Ооба, кооз жер, токойго да жакын. Эртен күндүзү көрөсүңөр.

Бир аз басып эле, үйдүн кире бериш тепкичине келдик. Мен бул жерден чыга албайм. Он кадамчылык басканымда да бүт денем ооруп , алсырап турдум. Баса, бүгүн наар да сызбадым …

— Мен эле көтөрүп, киргизейин эми.

Нурбек элпек гана үйгө көтөрүп кирди. Түз, бурулбастан, үйдүн төркү бөлмөсүнө көтөрүп кирди. Бөлмөнүн ичиндеги эки керебеттин бирөөсүнө отургузду.

— Ушул сиздин бөлмөңүз болот. Бул өзү бош. Эч ким жашабагандыктан, бул бөлмөлөр муздагыраак. Бир – эки күндөн кийин, баары жылып кетет. Азыр эрте жаз эмеспи. Эртен от жагаарбыз. Мен сизге жайгашууга жардам беремин.

— Мүмкүн болсо, суу ичип алсам …

— Албетте, азыр шам – шум этебиз. Мен да түшкү боюнча жүрөм. Сиз тамак да жебегендирсиз, баса … Азыр.

Подноско тууралган колбаса, сыр, төрткө бөлүнгөн помидор менен таттууларды салып келиптир. Таттуу ысык чай да келди. Тамак жегенден кийин, уйкум келе баштады. Чарчаганым ушунчалык … жаным жер тартып турат. Дааратканага баргым келди.

— Даараткана ?

— Аа, азыр , биякта. Баса аласызбы?

— Басам…

Басам дегеним менен ордуман туруп, аракет кылганда эле башым айланкөчөк, белим деле, кабыргаларым деле ооруп…эзилип тургансыйт. Оорусу катуу болуп турат.

Нурбекке жөлөнүп бастым.

Биз отурган бөлмөнүн сырткы чыга бериш сол жагында башка эшик бар экен . Ошол эшикти ачканда, үйдүн арт жагы болуп чыкты. Даараткана, жуунучу бөлмөсү ушул жакта жайгашыптыр . Дааратканага жеткенде: – өзүм – дедим да, дубалды кармап кирдим.

Кайра келип, даярдап берген төшөккө жаткырып койду. Сырткы кийимдеримди да чечпестен, жаткан калыбым боюнча катуу уктап кетипмин.

Канча уктаганымды билбейм, үйдүн ичи жапжарык экен. Акырын айланамды тыңшадым. Эч кандай дабыш угулбайт, тымтырс. Кечээгиге караганда чарчоом басылып, жеңилдеп калыпмын. Ордуман тургум келди. Денелерим эзилип калыптыр, кыймылдасам ооруйт. Оорусуна да карабастан чыдап , керебеттен түштүм. Дубалга жөлөнүп, дааратканага бардым. Чыгып баратып, жуунучу бөлмөгө кирдим. Бети – колумду жуугум келди. Эшикке жөлөнүп кирип, раковинанын алдына келип, сууну агыздым да, маңдайымдагы күзгүгө карадым. Күзгүдөн мени тиктеп турган аялды өзүм тааныбай, чочуп кеттим. Бети – көзү ишиген, эриндери дордойуп, жаактары көгала, чачтары сапсайып куюлган Барно тиктеп турду … Өзүмдүн ушул кебетемди көргөндө ызама чыдабай, баары – жокту талкалап, үнүмдүн болушунча бакырып ыйлагым келип турду. Бирок, болбойт… Канчалык чымырканып, өзүмдү кармасам да, көзүмдүн жаштары куюлуп, ыйлап кирдим. Сууну агызып, көзүмдүн жашын улам суу менен жууйм… Өзүмдү токтото алсамчы …

— Ыйлабаңыз көп ! Сизге азыр көп ыйлоо да, ойлонуу да болбойт. Айыгууну ойлоңуз.

Эшиктин жанында Нурбек, мени карап туруптур. Канчалык үнүмдү чыгарбоого аракеттенип турсам да, өпкөмө батпаган ыйым ” ыкылдап ” атты. Нурбек сунган сүлгү менен бетим аарчып, сыртка чыгайын деп, басалбай, эшикти кармап калдым. Денемдин оорусу чыдатчудай эмес.

— Баса албайсыз!

Так көтөрө, керебетке алып барды.

— Сизге көбүрөөк эс алуу керек. Чай ичиңиз да , жатыңыз. Мазь сатып келип, денеңиздин баарына сүйкөбөсө болбойт. Катуу тепкинин залакасы тиет.

Нурбек ушинтип сүйлөгөнчө, чай да даярдап келди. Таттуу сүт чай менен каймак, нан экен. Жеңил тамактанып, кайрале уйкуга кеттим …

Көзүмдү ачып эле, терезени карадым. Эшик караңгы болуп калыптыр. Бөлмөдө жарык күйүп турат. Наркы бөлмөдө бирөө басып жүргөнсүйт. Эмне кылаарымды билбей, жата бердим. Андан башка, эмне кылам өзү? Бейтааныш жер, жакшы тааныбаган эл, атүгүл, бул баланы да жакшы тааныбайм. Эми эмне кылаар экенмин ? Эжем менен байланышышым керек. Аз күндө оңолуп кетээр бекем? Андан аркысын эжем менен ойлонушат элем…

— Ойгондуңузбу ?

— Ии, ооба …

— Сизге мазь алдырдым. Денеңизге сүйкөбөсөңүз болбойт. Бул көк тактар бир айсыз кетпейт, баштан өткөн … Тамактанып алыңыз, анан сүйкөнөөрсүз…

Аркы үйдөн Нурбек менен дагы башка эркектин үнү угулуп жатты. — Аа, ушул жерде жашаган досу го, – деп ойлодум.

***

Кечки суюк тамакты адатымча керебетте ичтим. Андан кийин мазды кантип сүйкөнсөм деп, арсар болуп турдум. Колдорумду да көтөрө алчудай эмесмин. Эки далым уюп калгансыйт… Бир топ отурдум да, сүйкөп көрүүгө аракеттендим. Кийимдеримди чечип, аркамды , буттарымды карадым. Аиий ! Капкара – көгала тактар! Корко турган. Буттарыма эптеп сүйкөдүм , калган жагыма колум да, алым да жетпеди… Бул күн ушинтип өттү.

Жакшы уктагандыктанбы, эрте менен сергек ойгондум. Ордуман турбай, терезеден тийген күндүн саргылт – көгүш, жылуу нурларына магдырап жаттым. Денемди ушунчалык бош коюп, сергип жаттым. Көздөрүмдү бекем жуумп, кыялдарым менен тээ мен жетпеген максаттарыма бардым. Кандай керемет ээ?! Эрте менен көңүлүң куунак, эч нерседен бейкапар, күн шооласын көрүү ! Сенин көңүлүңдү эч кандай ой – өйүп турбаса … Жаркырап тийген күн нурунан, асмандын көкмөк, тунук түсүнөн ырахат алсаң ! Адам көңүлү да, турмушубуз да ар дайым ушул көк Ободой ачык, күн нурундай жылуу болсо …

— Жакшы уктап турдуңузбу?

Менин баш жагымда Нурбек туруптур. Кыялдарымдын баарын Нурбек окуп алгансып, шашкалактап: — Ооба, ооба, рахмат ! Бүгүн абдан жакшы! Өзүмдү жакшы сезип калыпмын бүгүн.

— Жуунуп келесизби? Чай ичели. Бүгүн сизди кухняга чакырайын. Столдо бетме – бет отуруп, чай ичели ээ ?

Нурбек жылмая мени караганда, анын койгулт күрөң көздөрүнөн токтоолукту, акылдуулукту көрдүм. Аны бүгүн көрүп тургансып, турпатын да сыдыра карап өттүм. Өтө узун эмес бою, күчтүү эркектерге таандык кең көкүрөк, булчуңдуу бала экен. Сары жүзүнө айрыкча сары – кызгылт чачы көрк берип турат экен. Жылмайганда бетине кызыл жүгүрүп, ого бетер жылдызы ачыла түшөт экен. — ” Акылына жараша, турпаты да келишкен бала экен ” – деп ойлодум …

Керебеттен түшүп, басканымда бүт денем зыртылдап кетти. — ” Ой! ” – деп жиберипмин.

— Баса албайт деп тургам. Келиңиз, жетелейин. Буюрса, бир – эки күндө түздөнүп басып каласыз. Мазь – сокку тийген жерлердин оорусун басаңдатат. Күндө бүт денеңизге сүйкөй берсеңиз. Түнү сүйкөнүп жаттыңызбы?

— Ооба …

— Далыларыңыз кантти экен? Врач чакырууга да болбойт. Болбосо, качан эле врачтарга көрсөтмөкмүн. Биз бул жерге ” келгин ” эмеспизби …

— ……

Мен бети – колумду жууп жатып, күзгүдөн өзүмө көз жүгүрттүм. Кечээги эле көрүнүш. Чачымды жыйнап алсам да, анын майланышып, кирдеп турганын күзгү да, айтып турду. — ” Кантип жуунам? ” – суроого жооп табалбай, Нурбектин коштоосунда кухняга кирип, столго отурдум.

— Эртен мененкиге жеңил деп, жумуртка куурудум. Тамактан алыңыз!

— Ии, рахмат чоң!

— Тартынбаңыз, баарыбыз эле окшошпуз. Улутубуз эле башка болбосо …

— Ии …

Андан башка эмне дешимди билбей, кысына тамактан ооз тийдим … Үч күндөн бери жумушка барбай жүргөнүн ойлоп: —

— Нурбек, сени кармап атпадымбы? Жумушка да барбай атасың? Эгер жумуштарың болсо, мага байланбай бара бер, мен өзүм үйдө отура берем.

— Жок, жумуштан чыгып кеттим. Буюрса, ушул жерлерден шашпай жумуш караштырам. Азыр мага жумуш өтөле маанилүү эмес.

— Ии… А мен ойлопмун, мен кармап атам го деп …

— Жок, эч ойлонбоңуз. Сиздин тиешеңиз жок. Мен иштен чыккан түнү, силердин окуя болуп кетпедиби. Анан мен келчү жерге, экөөлөп келип албадыкпы.

Нурбек мени күлө тиктеди. Анын көздөрүнөн мээрим, жылуулук көрдүм. Экөөлөп келип алдык,- деген сөзүнө күлүп жибердим. Экөөбүз бири – бирибизди тиктей, көпкө күлдүк …

— Барно, билесизби …. Сиз аябай сулуусуз. Сизди биринчи көргөндө, күйөөгө чыга элек кыз болсо керек деп ойлопмун. Көрсө, атаңыздай болгон киши, күйөөңүз турбайбы. Эки эмес, үч балаңар бар экенин укканда, таң калдым. Сиздин дене – мүчөңүздү көргөн эркек эле эмес, аял деле ” кыз ” деп ойлойт. Бирок …мага баарынан сиздин көздөрүңүз жагат. Бакырайган, баео, коркок, ишенчээк көздөр…

Нурбектен бул сөздөрдү укканда ыңгайсыз болуп кеттим. Жеп жаткан тамагымды да, жуталбай какап кеттим.

— Сиз коркпоңуз, менин сизге жаман оюм жок …

Анын акылдуу, токтоо көздөрүнөн , көзүмдү ала качып, кызарып кеттим. Унчукпай тамактанып жаттык .

Күлүп койгонго денем андан бетер ооруп калды. Айрыкча эки кабыргамдын туштары, эки белим күлкүдөн ооруп калды. Тамакка бата тартып, Нурбек ордума алып келип койду да, кухняга чыгып кетти.

А мен Нурбектин мен жөнүндө айткан сөздөрүнүн ар бирин талдап, ойлоп жаттым.

Күндөгүдөй эле терезеден аз да болсо көрүнүп турган, сырттагы жаратылыш сулуулугуна суктанып, Мекенимди, балдарымды көз алдыма келтирип, уйкуга кеттим .

Бүгүн күндөгүдөй көп уктабадым. Күүгүм боло элек экен. Кухняда идиш – аяктын үндөрүн уктум. — ” Ии, бирдеме даярдап аткан го, Нурбек ” – деп ойлодум. Балдарымды ойлоп , керебетте үнсүз, шыпты тиктеп жата бердим. Көзүм ирмелбегени менен, оюмда, көз алдымда, ар бир баламдын жүзү тартылып турду. Сагындым силерди, чүрпөлөрүм ! Апаңар силер үчүн гана жашап жүрөт! Көзүмдүн жашы сызылып, жаздыкка кулап жатты …

Керебеттен түштүм да, жуунуга даярдандым. Ушунчалык жуунгум келди , денем оор сезилип атты. Жуунуп, сергип алгым келди. Керебеттин этегинде турган чемодан – сумкамдан кийимдеримди отурган калыбымда баарын чыгарып, иреттедим. Керектүүсүн алып , керебетке сөйөнүп , тура албай отура бердим.

— Эмне болду сизге, Барно?!

Нурбек кирип калды.

— Аа , мен…жуунуп алсамбы деп … Абдан жүдөп кеттим…

— Макул, кааласаңыз жуунуп алыңыз. Сергип, жеңилдеп каласыз. Чындыгында, өңүңүз да чарчап турат. Суудан тазарып, баарын таштап чыгыңыз. Жүрүңүз, жеткирип коеюн .

Нурбек сууну даярдап, чыгып кетти.

Ох ! Суунун жагымдуулугун …! Башымдан ылдый агызып, жылуу сууга ырахаттанып тура бердим. Денемди гана тазартпастан, дилимди да тазартып өттү – жарыктык суу … Чындыгында … суу – керемет зат ээ…

Жуунуп, сергип, бөлмөгө өзүм басып келдим. Тике баса албайм, белим болбойт. Бир аз эңкейе бассам да, басканыма сүйүнүп келдим.

Күзгүдөн өзүмдү карадым. Кечээги дордойгон эриндерим, көздөрүмдүн ишиктери кое бериптир бир аз, жаактарымдын көктөрү эчтеме болбогонсуп турат. Эмнеси болсо да, кечээги күндөргө караганда, өңүмө келе түшүпмүн. Чачтарымды тарап, кашы – көзүмдү адатымча жеңил боеп койдум. Мына, эми Барного окшоп баратам…

— Жуунуп бүттүңүзбү ?

Нурбек дайыма келип сурачу ордунда туруптур.

— Ооба, бүттүм.

— Бүгүн абалыңыз жакшырыптыр. Өзүңүз келипсиз, байкабай калыпмын. Бирок, ооруп турасыз. Өзүңүздү күчкө салбаңыз.

Нурбек мени карап турду да: —

— Жуунуп , ажарыңызга келипсиз. Абдан сулуусуз. Тамак ичели, чоң кыз.

Нурбек айткан сөздөрдү, мен өзүнө да айткым келди. — ” Сен мага жагасың Нурбек, сендей жан күйөөм болгондо кана ” – деп, үшкүрүнө, сөзүмдү ичиме жуттум.

Кечки тамакка отурдук. Негедир Нурбек экөөбүз тең сүйлөй албай, кашык менен тамакты аралаштырып коебуз.

— Денеңиздеги ооруксунуу азайдыбы , Барно?

— Мм… Кандай десем… Ооруксунуу айрыкча белим менен кабыргаларымда . Түз басууга чыдатпай атат.

— Ооба, билем. Бул оору – көпкө чейин басылбайт. Бүгүн далыңызга мазь сүйкөп берейин, жылуу жатып уктаңыз, батыраак айыгасыз. Залакасы тийип калбасын.

“Мазь сүйкөп берейин ” – деген сөзүнөн уялып кеттим. Анын менден жооп күтүп турганын билдим. Эмне дээримди билбей, Нурбекти карадым. Мени карап турган көздөрүнөн камкордукту, мээримди көрдүм…

Мен да андан көзүмдү тарта албай турдум. Менин көздөрүм, Нурбекке эмне деп жатты билбейм… Балким …кусалыгымды, жалгыздыгымды, ысык сезимге зар экенимди айткандырмын… Негедир …Нурбектен да, мен айтчу сезимдер, туйгуулар келип жатты…

Экөөбүз тең көз карашыбыздан бири – бирибизге айтып жаткан сөздөрүбүздү түшүнүшүп турсак да, сыртыбызга чыгара албайт элек… Себеби … мен – күйөөлүү аял эмесминби. Нурбектин эчтемесин деле сурабапмын …Ага убакыт да болдубу. Келгенден бери мени менен алек. А мен өзүм менен …

Жатаар убакыт болуп, мен өзүмө тиешелүү бөлмөдө отурдум. Нурбек сыртка кирип – чыгып, тиричилик иштери менен алектенип жүрдү окшойт. Эми мен , кантип бүт денеме сүйкөп жатам – деп, ойлонуп жаттым.

Күндө тыкылдатпай кирчү Нурбек, эшикти тыкылдатып калды.

— Кире бер, Нурбек !

— Мазьды сүйкөп алдыңызбы, Барно?

— Ии, ошону бел, далыларыма кантип сүйкөөр экем деп…

— Мен сүйкөп берейин. Мен чыга турайын, сиз төшөккө кирип, көмкөрөңүздөн жатып туруңуз. Сүйкөбөсөк, ооруксунууңуз басылбайт. Сөөктөрүңүз кантти экен…?

Жок дешке эч мүмкүн эмес эле. Денемдин оорулары эртерээк басылса жакшы эмеспи…

***

— Тегиз сүйкөйүн ээ ? Колум муздак эмес бекен? Бул мазды калың сүйкөсө да болбойт. Жукараак, баарына тегиз жеткирип …

— Денеңиз укмуш эле көгөрүптүр, Барно. Кокус, жаракат болсо, такыр тура албай калмаксыз. Жакшы болуп кетиңиз эми …

Нурбектин жылуу алакандары белимден баштап, далымды моюнга жеткире мазь менен сылап жатты … Кантсе да эркектин колу аялга өзгөчө туюлат эмеспи, анын карылуу колдорунун сылап – сыйпап жатканы мага жагымдуу туюлуп, көзүмдү жуумп жаттым…

УЛАНДЫСЫ БАР.

Л.Кудайбердиева

Лилия Кудайбрдиева /Liliya Kudaibrdieva
www.kafiye.net