şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
Жаз белгиси
Күн узарып, жаз белгиси көрүнөт,
Сырдуу чымчык жазды күтөт сагына.
Күн илеби улам тийсе бөлүнүп,
Жазга карап сайрагансыйт жагына.
Бүчүр байлап бак – дарактар созула,
Келгин куштар уяларын курушат.
Курт – кумурска жанданышып озуна,
Назик гүлдөр жерди каптап турушат.
Кыр – кырларда карлар эрийт саргара,
Күн илеби улам жылып тийгени.
Бажырайып байчечекей гүл ачып,
Боз талаалар жашыл килем кийгени.
Айнура Бекболотова
Моска ш.
www.kafiye.net
Yorum Yapın