Уландысы — 3.

Бактылуу күндөр өтүп жатты. Мээримдин кышкы сессиясы да аяктап, окуусунан он күнгө жооп берилди. Мээрим айылга барууга камданды. Канат өзү келип узатмакчы болду. Тан атпай эрте келген Канат, Мээримди автобекетке алып келди. Такси менен сүйлөшүп, жүргүнчүлөр толгуча кол кармаша сүйлөшүп турушту.

— Мээрим, сен жок мен кантем. Он күндүн өтмөгү азап эми. Батыраак кел, ээ. Сени сагынам го.

— Мен да сагынам …

— Бат – баттан чалып турам. А то чыдабай кетем го.

— Сөзсүз сүйлөшүп турабыз да, Канат. Антпесем, мен да чыдабайм го.

— Макул, жан биргем. Жакшы жетип ал!

Канат Мээримдин эки бетинен өөп, таксиге отургузду да, кол булгалап узатты.

Таксиге отурган Мээрим, жанында отурган жүргүнчү – айылдашы Болотту тааныды. Ал да Мээримди таанып, саламдашты. Сырдуу , сынай тиктеген Болот, Мээримге суроо берди.

— Сени узаткан жигит ким, карындашым?

— Мм…жигитим .

— Аа . Ошентсе да этиет бол, карындашым. Шаарда жаман жигиттер көп болот.

— Ооба.

— Бир окуу жайда окуйсуңарбы?

— Жоок, ал сырттан окуйт. Россияга барып – келип соода кылышат экен…

— Аа жакшы

Болот ойлуу алдыга карап, унчукпай калды.

Мээрим айылдашы Болоттон бир аз уялып турду. Болот медицина факультетинин бүтүрүүчүсү экенин билет эле. Айылдашынын алдында жигит менен турганына Мээрим өзүн ыңгайсыз сезип кетти.

Айылга келгенден кийин, Мээримге күн өтпөөчүдөй туюлду. Мурда шаарга кайткысы келбесе, эми батыраак кеткиси келип жаткандай. Айткандай эле, Канат да саат сайын чалып, экөөнүн сөздөрү түгөнбөйт. Канат менен сүйлөшкөн Мээримдин көздөрү жайнап, сүйүнүчүн жашыра албай калат. Апасы да кызындагы өзгөрүүлөрдү байкап, Мээримден сурады.

— Кызым, сага эмне болду? Көздөрүң жайнайт, телефон менен сүйлөшүп жылмайып эле көңүлүң ачылат?

Мээрим эң кичүү кызы болгон үчүн эркерээк болуп, апасына өтө жакын. Апасынан эчтемени жашыра албады.

— Апаа , мен сүйүп калдым!

— Ия?! Ким экен ал?

Мээрим толкундана жигити Канат жөнүндө айтып бере баштады. Баарын уккан апасы: “Кызым, сага бакыт гана каалайм. Өз теңиңди таап, бактылуу эле болсоңор болду “. Апасынын бул сөзү, Мээрим үчүн кубанычын тең бөлүшкөндөй болду.

Каникул да бүттү. Мээрим Канатына ашыкты. Он күн көрүшпөй калган үчүнбү, күн сайын жолугушуп, сөздөрү түгөнбөйт. Суукту да сезишпей, кол кармаша көп убакыт бирге сейилдешет. Канат жатаканага узатып келип, коштошуп кетет. Ошентип, зыпылдап убакыт өтүп , 14 – февраль да келип калды.

Эрте менен ойгонгон Мээрим, “Сүйүү күнү ” менен Канатты куттуктап жазды.

” Канат, мен сени сүйөм!

Чаңкасаң, чалкыган көл мен болоюн,

Чарчасаң, эс алдырган дем болоюн.

Жакшылык, жамандыкта сени жандап,

Жаныңда жалгыз жүргөн мен болоюн! “.

МЭЭРИМ.

“Сүйүү смс” ин жөнөткөн Мээрим, Канаттан жооп күттү. Бирок, Канаттан жооп келген жок. Мээримдин ою онго бөлүндү. “Бул эмнеси. Сүйүшкөндөр күнү болсо ” деп ызаланып, ачуусу келип, жинденип да алды. Көңүлсүз сабагына жөнөдү.

Окуу жайда бул күн адаттагыдан шаңдуу эле. Бири – бирине көз салып же сүйүшүп жүргөн кыз – жигиттер, бул күнү сезимдерин дагы бир ырасташып, жакшы көргөн адамына белек беришсе, кээ бири күтүлбөгөн сюрприз жасап, жагымдуу маанай тартуулашты. А сабакта болсо, кээ бир кыздар сүйгөн жигитинен келген “сүйүү смс”ин окуп, жылмайып отурушту. Окуу жайдагы студент кыздардын жагымдуу окуяларына күбө болгон Мээрим, тымызын өз ичинен Канатты күтүп жатты. “Канат балким кокусунан келип, жагымдуу белек тартуулайттыр “…

Сабактан чыгып, жатаканага бараткан Мээрим, жетелеше ээрчишип жүргөн кыз – жигиттерди көрдү. Кыздардын колунда гүл. Бактылуу жүздөр, сүйүүгө толгон көздөр. Сургулт тартып, күн нуру жарык тийбеген кыштын күнүндө, жасана кийинип, ооздорун кызартып боеп, кызыл – тазыл гүл көтөргөн студент кыздар, Ош шаарынын көчөлөрүнө жаз мезгилин алып келип коюшкандай , көчөнү көрккө бөлөшкөн.

Бирок, күн суук, шамал … Кар жок, айлана бопбоз болуп, асман сургулт тартып турат. Өзү да үшүп, сезими да үшүгөн Мээрим , көчөдө жалгыз баратты. Көчө толо эки – экиден жетелешкен кыз – жигиттерди көргөндө, Ааламда өзүн жалгыз калгандай сезди.

Бөлмөсүнө кирип эле, керебетине кулады. Көңүлүн ызалык, сагыныч ээлеп, ыйлагысы келди. Канатты ойлоп, күтүп жатып, уктап кетти.

— Мээрим, Мээрим , тур! Сени сыртта Канат күтүп турат!

Назиранын айткан сөзүн уккан Мээрим, ордунан туруп эле, сыртка ашыга чуркады. Жагымдуу кабардан жүрөгү да тыбырчылап, кошо сүйүндү …

Сыртта аппак кар жаап салыптыр. Колуна гүлдесте кармап, Канат күтүп турат.

— Майрамың менен жаным!

Жылмая күлүмсүрөгөн Канат, топ болгон тюльпан гүлүн Мээримге карматты. Суукка үшүгөн гүлдөр, баштарын шылкыйтып ылдый карашат. Канаттын мойнуна колун арта, эркелеп да, таарынып да Мээрим сүйлөнүп баштады.

— Сен жамансың! Кайда жүрдүң кечке жоголуп? Эмне жооп жазбадың?

Канат токтоо үн менен: — Болдучу жаным… Гүлдөрдү үшүтпөчү, анан түшүндүрөйүн … Азыр кир да, кийинип чык .

Мээрим гүлдөрдү бөлмөгө алып кирип, вазага салды да, жылуу кийинип сыртка чыкты. Канат экөө жетелеше шаар айланышты, тамактанышты. Мээримдин ” Эмне болду? ” деген суроосуна Канат: “Үйдө бир аз иштер менен бошобой, келе албай калдым . Кечир, ээ ” деп гана койду. Кыз жүрөгү сезгич… Мээрим Канаттын бир аз тынчсызданып турганын байкап жатты. Маанайы суздай. Баарын сезип турган Мээрим, көп эле суроолорду берип сүйлөй бербеди. Үнсүз кармашкан жылуу колдордон, ысык сезимдер өтүп жатты …

Жатаканага жеткирип келген Канат, Мээримди бекем кучактап, чачтарынан жыттады. Негедир кое бергиси келбегендей. Бир топтон соң, көкүрөк чөнтөгүнөн бир кутуча алып чыкты да, Мээримге карматты.

— Жаным … Мээримим. Бул белек сага. Мен сени сүйөм. Ушул сөздү эч качан унутпачы.

— Унутпайм , Канат.

Кутучаны ачкан Мээрим, роза гүлдүн жаңы гана бүчүр ачкан сүрөтү түшүрүлгөн кооз шакекти көрдү.

— Рахмат, Канат!

Мээримдин эки бетинен өөп, Канат коштошуп үйүнө кетти.

Бөлмөсүнө кирген Мээрим, шакектин күмүш экендигин көрдү. Абдан кооз экен. Кооз шакек Мээримдин манжасына өлчөп алгандай чак келди. А вазадагы тюльпан гүлдөр жылуу бөлмөдө жанданып ачылып, бөлмөгө көрк берип калыптыр. Гүлдөрдү карап көңүлү ачыла, уктоого кам урду.

Канаттын ойлуу жүзүн көз алдынан кетире албай, көпкө чейин кабатырланып ойлонуп жатты. Канаттан ажырагысы келбейт. Бул түнү Мээрим уктай албады. Канатты ушунчалык, өтө катуу сүйөөрүн, ансыз жашай албай калганын түшүндү. “Канат, мен сени сүйөм. Мен сени сүйөм! ” деп шыбырап жатты…

“Сүйүү күнү “өткөндөн кийин, Канат мурдагыдай жолугушууга көп келбей калды. Телефон менен да азыраак чалат. Канат анткен сайын Мээрим чыдабай, сагынат. Кээ бир күндөрү үнүн угуп, сүйлөшкүсү келип, өзү батынып биринчи чалып жиберет. Канат кээде жооп берсе, кээде телефонго жооп бербей коет. Канаттын бул жоругуна Мээрим кабатырлана баштаганда, жолугушууга келип калат. Кайра эле Мээрим баардык таарынычтарын унутат. Экөө кайра бирге. Бирок, Канаттын жүзү канчалык күлүп турса да, көздөрүнөн айта албаган сыр көрүнөт. Мээрим баарын сезет… Күтүү, сагынуу, жолугушуулар … Байкалбай жаз келип, жеңил кийинген убак да келди.

Көп күндөн кийин келген Канат, Мээрим күтпөгөн сөз айтты.

— Мээрим, мен сени эжелерим менен тааныштырам. Эртең кафеге барып отурабыз. Даяр бол.

Мээрим “макул “дегенден башка сөз айта албады. Канаттын эжелери менен таанышуудан сүрдөп да кеткендей. Ошентсе да, жолугушууга баруусу керек эмеспи. Анткени, Канатты сүйөт. Экөөнүн максаттары бирге болуу. Ошондуктан, эртеби – кечпи, алар да Мээримди таанышат, билишет.

Сабактан чыккан Мээримди, Канат Оштун жакшы кафелеринин бирине алып келди. Буларды күтүп отурган аялдардын жанына келгенде, Мээрим уялыңкы салам айтты. Саламга жооп болгон жок. Мээримдин бетине муздак суу себилгендей, бир аз чочуй ыңгайсыз абалда туруп калды.

Уландысы бар.