Kaldarbek Koilubaytegin/Калдарбек Койлубайтегин

Жолукпастыр


Жолукпастыр күндө сулуу чырайлуу,
Көздөрүчү… көзү мөлтүр кумарлуу…
Сырлуу нуру оргумадай атылып,
Арзуулары дубаланган тумарлуу.



Жаным чыгып кетелекте кайтайын,
Гүл болбосом деле арзуум айтайын.
Таппай калдым, же кеттимби адашып,
Же кеттиңби адаштырып атайын.


Бут үзүлүп түшкүчөктү жүгүрдүм,
Кычыгына төрт көчөнүн үңүлдүм.
Көкүрөктү ээлеп өксүк таарынса,
Ага болбой муштай болуп түйүлдүм…


Бу тагдыр го жолуктуруп айттырбай,
Көздөрүңчү..көзүңө баш бактырбай.
Жүрөгүңү жүрөк көрүп бүтөлек,
Кайыптардай арман кылып таптырбай.


Азаптардын азабынан күйөмүн,
Тең экиге бөлүндү муш жүрөгүм.
Көз карашың… мөлтүр тунук көздөрүң,
Үчүн жаным күндө жашап жүрөмүн.


Ошол көчө сени мага туш кылып,
Ошол көчө сени учуруп куш кылып..
Неге мынча жан дүйнөмө чок салды,
Өрт кумардын жалынындай муш кылып.


Кайда болсоң дагы көзүң, көздөрүң,
Көздөрүнөн бакытын таап өзгөнүн…
Куйкаланып эле кетем…кантейин,
Бейтааныш кыз, мен башкамын өзгөмүн


Kaldarbek Koilubaytegin/Калдарбек Койлубайтегин

Tanıştığın

Tanıştığın her gün güzel
Gözler … gözler tutkulu …
Gizemli ışık patlar,
Rüyalar büyülüyor.

Ruhum gittiğinde döneceğim
Çiçek olmasam bile sana rüyamı anlatacağım.
Ben mi kayboldum yoksa kayboldum mu?
Veya kasıtlı olarak yanıltıcı.


Ayağımı kırdım ve koridorda koştum
Dört sokağa baktım.
Eğer kırılırsa,
Onsuz bir yumruk gibi hissettim …


Bu kaderi söylemeden
Gözlerin … gözlerine bakma.
Kalbinin neşe ile dolmasına izin ver,
Görünmeyen gibi rüya görüyorum.


Ben eziyet kocasıyım
Kalbim bölündü.
Vizyonunuz … berrak gözleriniz,
Ruhum için her gün yaşıyorum.


O sokak seni benimle yüzleştirdi
O sokak seni uçan bir kuş yapıyor.
Neden kalbimde yandı
Ateş bir şehvet alevi gibidir.


Nerede olursan ol, gözlerin, gözlerin
Gözlerinde mutluluk bulmak …
Yanacağım … nasıl
Yabancı kız ben farklıyım



Kaldarbek Koilubaytegin/Калдарбек Койлубайтегин
www.kafiye.net