Бекболотова Айнура

Баркын билсе


Кайсы акылман ак кагазды чыгарган?
Ырга айлантып сүйүүлөрүн түшүргөн.
Кандай адам калам сапты жасаган?
Сырын жазган, арзуу муңун үшкүргөн.


Бул экөөнүн баасы кымбат алтындан,
Себеби бар, баркын билсе ар бир жан.
Унутулмак жакшы ырлар кечээги,
Чыкса дагы залкар ойлор акылдан.


Сүйүнгөндө тамгаларым күлмүңдөп,
Суйкайыша көз мончоктой биригет.
Кайгырганда ирет бузуп чүрүшүп,
Тамгаларым өйдө – ылдый тизилет.


Жазам дайым уялбастан сырымды,
Ак барагым жан адамга билгизбе.
Жүрөк түптө уялаган сезимди,
Ката көргүн учкан кушка илгизбе.


Жаз күнүндөй, жаш баладай сүйүнөм,
Оргуштаган сырларымды түшүнгүн.
Бирде ойлуу күз күнүндөй күйүгөм,
Калам сабым ак баракка түшүргүн.


Бекболотова Айнура
Москва ш.
www.kafiye.net