Айнура Бекболотова

Сырдуу чымчык


Кар бүртүгүн тийип качып себелеп,
Булут жылып туш-туш жакка бөлүнөт.
Калың жаткан карды улам эритип,
Анда-санда күндүн көзү көрүнөт.


Кыштын суугу кетпечүдөй сезилип,
Көлчүктөгү муздун үстүн саймалайт.
Күн бүркөлүп, муздак шамаал аралап,
Ичиркентет колду-бетти аймалайт.


Таң заарда ишке жөнөйм шашыла,
Жолум өтөт бак-даракты аралап.
Сырдуу чымчык чырпыктарга жашына,
Сайрагандай жүрөк сырын жаралап.


Табышмактуу экөөбүздө бир тагдыр,
Жазды күтө жалгызсырайт ал чымчык.
Эл ичинде жүрсөм дагы, мен жалгыз,
Экөөбүздү бөлүп турат бир чырпык.


Айнура Бекболотова
Москва шаары.
www.kafiye.net