Чыңгыздын каарманы жашай берет


Ак мөңгүлүү Ала-Тоонун арасы,
Бабам Манас жашап кеткен жер экен.
Ажайып кооз, керемет бир талаасы,
Жети түстүү жери толо кен экен.
Дүйнө элине дүңгүрөтүп жар салган,
Чыңгыз чыккан, ата конуш кең Мекен.


Бала кезден зирек болуп чоңойгон,
Оор турмуш, жетимдикти кечирип.
Карыларды кадырлаган, сыйлаган,
Заманынан калбай келген кечигип.
Эмгек сыйлап, малдын көзүн тааныган,
Мал догдурлук, тандап алган кесибин.



Жаш кезинен калем кармап колуна,
Сөздү багып, жаза билди баянды.
Ак баракта тагдырларды башкарып,
Орус тилде жазып чыкты аянды.
Катаал жашоо, жай турмушту көрсөтүп,
Чагылдырды ар мүнөздүү каарманды.


Гүлсарат-Камбар ата асыл тукум,
Талаада ачкасынан Жаабарс жойлоп.
Акбара тоо жаңырта улуп жүрсө,
Ала Дөбөт жортот экен деңиз бойлоп.
Эрте келип турналары эл сүйүнткөн,
Нургазы Ак кемесин күтөт ойлойп.


Белин бууп, Эне артып элдин жүгүн,
Султанмурат – өспүрүмдөр бороз салган.
Исмаил жан соогалап качып жүрсө,
Майсалбектер жеңиш үчүн жанын сайган.
Сүйүүсү Даниярдын бүтпөс дастан,
Алтынай билим алып, канат жайган.


Чыңгыздын каарманы жашай берет,
Чыгармасын дүйнө жүзү окуп билген.
Улуу инсан, көрөгөч, даанышмандын,
Ат көтөргүс эмгектерин сактай билгин.
Кылымда бир келүүчү акылмандын,
Ишеничин урпактары актай билгин.


Айнура БекболотоваМосква шаары