ЧТО У ВАС НОВОГО?

дегенден ыр жазып койдум….

БҮГҮНКҮ КҮН


Бүгүн мен ооруп турам, ыр жаза албай акылым,
Көөдөндөгү эргүүлөрдүн, ката албай жаркынын.
Көздөрүм да, каканактап жашка толуп ыйласа,
Кусалыктын көлүн кечип, өтө албадым акырын.


Биринчи кар эшикте, жаап жатат эх, себелеп
Терезеде телмиремин, күткөнүмдөй делдиреп.
Бүртүкчөлөр, аста түшүп аягандай төгүлөт,
Билген өңдүү, жүрөгүмдүн үндөбөсүн эркелеп.


Балатыга чуркап чыгып, түшөт кайра шашылып,
Тыйын чычкан издегендей түгөйүн да сагынып.
Тал теректер чыйрыгышып, шуулдашат үн салып,
Үшүгөнсүп көтөрө албай, кыш айынын салкынын.


Гүл үстүнө аппак карлар, секин түшүп токтолот,
Чочутпайын дегенсип эй, кызыл гүлдөр кооздолот.
Кар алдында алсыз калган гүлгө окшотуп өзүмдү,
Жалооруган жалбырактай, өмүр күлкүм жоктолот.


Эшик алды карга толуп, эске түштү ардагым,
Сезимимден кетпейсин го, сен деп жашап калганмын.
Элесиңдин бир көрүнүш, ак кар болуп тартыласа,
Бактылуулук күндөрдө көп жетелешип басканбыз.


Күчүм жетпей, калемиме ак баракка сыр жаздым,
Карап туруп, тазалыгын жаап жаткан карлардын.
Кубаттанып, өзүмдү өзүм, аярладым алдадым,
Кантем анан, мен айыкпас сезим деген дарттамын.


Кайыр Жазы.


Кайыр Жолдошбекова/Kair Joldoshbekova
www.kafiye.net