şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
Жашоо барагы…
Мен башкамын, таң калып турамын,
Сенден келген, жылуулукту туямын.
Калем кармап уктай албай толгонуп,
Мен жөнүндө, ыр саптарын курадым.
Кыялым чорт, айткан сөздөн кайтпаган,
Чындык менен күрөшүүдөн тартпаган.
Өзгөчөрөөк мүнөзүмдү башкардың,
Өтмөгүмдүн жаштык кезин сактаган.
Кара мүртөз жарк дебеген кабагым,
Толчу эле арманга бүт ак барагым.
Тоготпостон жүрчү элем сезимди,
Сагынуудан мен аябай тажадым.
Көгөргөндө, жаза албай ата энем,
Кайдан чыккан кандай деги жан элем.
Алдан тайып жумшак болуп баратам,
Адашкансып бул өмүрдөн бир келген.
Өктөм сүйлөп эки жолу айтпаган,
Эх мүнөзүм кайда кеттиң таң калам.
Эмшиңдеймин көздөрүмө жаш алып,
Өзүмчө эле көөдөнүмдөн батпаган.Кайыр Жазы.
Кайыр Жолдошбековна.
Kair Joldoshbekovna.
www.kafiye.net
Yorum Yapın